// //

Жигитиме кыздыгым бар деп турмушка чыксам, кийин билинип калбайбы?

2020.10.14, 18:12
2643

Саламатсызбы. Мен 19 жаштамын. Планга кирбеген кош бойлуулук болуп, аны 7 айлык мөөнөтүндө “искусственные роды” аркылуу алдыргам.

Азыр жигитим бар, ага кыздыгым бар деп турмушка чыкканы жатам. Гинекологго тиктирсем, билинип калбайбы? Сырт жагын эле тиксе керек, ичи чоң бойдон калып калса, билип калабы деп корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.10.2020, 18:12

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Урматту окурман, өзүңүздүн сурооңузга өзүңүз эле жооп бердиңиз. Жасалма төрөт аркылуу төрөтүп алышкан болсо, бул сөзсүз жыныс органдарына, төрөт жолуна (родовые пути) таасирин тийгизет. Жыныс кыны чоюлчаак, терең болуп калат.

Гименопластика – бул жыныс кындын сырткы бөлүгүн кичирейтип тигип коюу. Ал эми болочок күйөөңүз бул нерсени билип калабы же жокпу, ал анын өзүнөн гана көз каранды.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт