Кызым тенетек кылса сабап салам, анан кайра жүрөгүм ооруйт. Психологдун жообу
Саламатсызбы. Мага кеңеш бергилечи? Эки балабыз бар, улуусу кыз 2ге чыгайын деп калды, кичүүсүнө 8 ай.
Мени түйшөлткөн, жүрөгүмдү ооруткан маселе бар. Кээде кызым тентек кылса, ачуум менен сабап салам. Катуу чаап алдым го, деп кайра жүрөгүм ооруйт.
Өзүмдү карманганга аракет кылам, бирок майнап чыкпайт. Кызым жалтак болуп баратат. Кантип ушул адатымды калтыра алам?
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Саламатсызбы, урматтуу айым. Биринчиден, баланы эч убакта урган болбойт! Мындан кийин дагы ургуңуз келсе, балаңыздын укугу бар экенин эстеңиз. Эгер сиз Европада жашасаңыз, балдарды коргоо уюмдары сизден кызыңызды алып коюшмак.
Кызыңыз сиздин менчик буюмуңуз эмес. Ал өз алдынча инсан, адам, ушул мамлекеттин жараны болуу үчүн төрөлгөн. Ал эми ата-энеси балага мээрим төгүп, ага кам көрүп, тарбия берүүгө милдеттүү. Баланын коопсуздугун камсыздоо – сиздин милдет!
Эгер кызыңыз сиздин сабаганыңызга көнүп калса, кийин да башка адамдардын аны ур-токмокко алуусуна жол берет. Өзүн коргой албай калат. Сиз ага ушундай келечек каалап жатасызбы? Эмкиде кызыңызды сабаардын алдында ушуну ойлонуңуз.
Ачууңуз кармап, баланы чаап жиберээрден мурун, өзүңүзгө жок дегенде 5 мүнөт ойлонууга убакыт бериңиз. Эмне үчун баланы уруп жатам? Мен чындап эле балага жиним келип жатабы? Балким, мен чарчадым? Балким, мен күйөөмө же кайын энеме нааразымын?
Кимге ачууланып жатсаңыз, ачууңузду ошол адамга буруңуз. Чарчасаңыз, эс алыңыз. Жаздыкты ургулаңыз, чыны сындырыңыз, сыртка чыгып сейилдеп келиңиз, болбоду дегенде курбуларыңыз менен же кошуналар менен сүйлөшүп келиңиз.
Сиздин башкы максат, өз балаңыз өзүңүздөн азап тартпасын.
Балким башка оркумандардын да өзүнүн ачуусу менен күрөшө турган ыкмалары бар?
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой