Боюмдан түшкөндөн кийин аябай толуп кеттим. Себеби эмнеде?
Саламатсызбы. Гинекологдон кеңеш алгым келет. Турмушка чыкканга чейин 55 кг болчумун. Төрт ай мурда 5 айлык боюман түшүп калды. Ошондон кийин аябай толуп кеттим. Азыр салмагым 73 кг. Кантип арыктасам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Салмак кошконуңуздун себеби түрдүү болушу мүмкүн. Кош бойлуулук жана бойдон түшүп калышы факторлордун бири гана, бирок негизги себеби эмес.
Мен сизге биринчи кезекте эндокринологго кайрылып, богок безин текшертүүнү сунуштайм. Анткени сизде гормоналдык бузулуу, болушу мүмкүн.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет