Төрөгөнүмө үч жыл болду, айызым дагы деле келе элек. Себеби эмне болушу мүмкүн?
Саламатсызбы. Кызымды төрөгөнүмө үч жыл болду. Ошондон бери айыз көрө элекмин. Доктурга кайрылып прогестерон уколун да алдым, бирок таасир болгон жок. Себеби эмнеде болушу мүмкүн? Мен дагы төрөгүм келет, жашым болгону 26да. Эмне кылышым керек?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер төрөттөн кийин 3 жыл өтүп, бир да жолу этек кириңиз келбесе, демек сизде - Аменорея.
Анын себептери түрдүү жана өтө көп, бардыгын телефон аркылуу айтып берүү мүмкүн эмес. Бир гана нерсе түшүнүктүү, прогестерон гормонун алгандан кийин да этек кириңиз келген жок, демек сизде эндометрий өспөйт, анан белгисиз себептерден улам этек кириңиз келбей жатат.
Ошол себеби эмне экенин аныктап, аны жокко чыгарууга аракет кылуу зарыл. Ошондуктан, тез арада дарыгерге кайрылууну сунуштайм.
Сакайып кетиңиз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет