Кыргызстанда актердук кесипке даярдоочу университеттер барбы? Актер жооп берет
Саламатсызбы. Менин суроом бар эле, жашым 17де, актердук кесипке кызыгам. Бизде бул кесипке даярдоочу университеттер барбы?
Камчы Сарыбаев
Актер
Саламатчылык. Ооба, албетте бар. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Кыргыз-Түрк Манас университети. Андан тышкары Кыргыз драм театрдын алдында түзүлгөн театралдык училище бар.
Жогорку окуу жайларда 6 жыл билим алышат. Театр алдындагы училище 3,5 жыл окутат. Эгер театр алдындагы окуу жайды бүтүрүп, актердук кесип боюнча жогорку билим алгысы келсе, дароо үчүнчү курска кабыл алынат. Андан тышкары, эгер театрга жумушка кабыл алынып калса, иштеп, окуусун сырттан окуп бүтүрүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Театр алдындагы училищеде билим алуу акысыз.
Ийгилик!
Бул жактан окусаңыз болот: Актер кесибин тандасам жумуш таап кете аламынбы? Айлыгы канча? Актер жооп берет
Кесип тандоо тууралуу башка суроолорго жооптор:
Бухгалетрияга тапшырсам айлыгы жакшы эле болобу?
Менеджмент тармагын тандасам мага жумуш табылабы? Адис жооп берет
Журналист болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?