// //

Бухгалтерияга тапшырсам айлыгым жакшы эле болобу?

2020.06.16, 11:22
1661

Саламатсызбы! Мен 9-классты бүтүп жатам. 9дун базасы менен бухгалтерияга окусам болобу? Ушул кесип жөнүндө маалмат бере кетсеңиз? Айлыгы кандай болот? Жумуш таба аламбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.06.2020, 11:23

Гүлмира Осмонкулова

Бухгалтер

Урматтуу окурман, бухгалтерияны бүткөндөр ар кайсы тармактан жумуш таба алат, мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Баары өзүңүздөн көз каранды. Мен А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумду сунуштайт элем. 9-класстын базасы менен тапшырсаңыз болот. Окуу программасы абдан жакшы. Өзүм дагы ошол жакты бүткөм.

Өз алдынча изденип, кошумча 1С деген программаларды өздөштүрүп алсаңыз, суроо талап жараткан адиске айланып, маянаңыз жогору болот. Сизге ийгилик каалайм! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт