// //

ЖРТден балл жетишсиз болсо кайсы окуу жайга тапшырса болот?

2020.04.20, 17:46
13276

ЖРТден балл жетишсиз болуп калса кайда тапшырса болот? Учурда кайсы кесиптер актуалдуу? Чет өлкөгдөгү окуу жайларга кантип тапшырса болот? – бул суроолорго "Ала-Тоо Эл аралык университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн" директору, Джайнакова Гульнур жооп берди.

Колледжге тапшыруунун кандай артыкчылыктары бар?

Колледжге тапшыруунун негизги артыкчылыктарынын бири, окуучу убакыттан утат. Мисалы "Ала-Тоо Эл аралык университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүн" бүтүргөн студенттер 2-3 жылда англис тилин мыкты өздөштүрүшөт жана бир кесиптин ээси болуп калат. Кааласа окуусун улантып жогорку окуу жайга тапшырат, болбосо кесиби менен иштеп баштаса болот.

Колледжге канчанчы класстан баштап кабыл алынат?

Биздин колледж 9 жана 11-класстын негизинде кабыл алат. 9-классты базасында тапшыргандар 2 жыл 10 ай окушат. Ал эми 11-класстын базасында кабыл алынгандар 1 жыл 10 ай окушат.

Колледжге тапшыруу үчүн ЖРТ тапшыруу керекпи?

Жок. Биз өзүбүздүн ички сынактын негизинде кабыл алабыз. Экзамендер математика, англис тили, кыргыз мектебин бүтүргөндөр үчүн кыргыз тили, орус тилдүү мектепти бүтүргөндөр үчүн орус тили боюнча болот.

Ала-Тоо университетине караштуу колледжде кайсы кесиптерге окутат?

Учурда жети кесипке окутабыз. Алар:

  • Банк иши;
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп (бухгалтер);
  • Компьютердик системалар жана комплекстер (техник);
  • Маркетинг (маркетолог);
  • Дизайн (компьютердик-графикалык);
  • Эсептөөчу техниканы жана технологиялык системаларды программалык камсыздоо (техник программалоочу);
  • Укуктаануу (юрист).

Англис тилине артыкчылык берилеби?

Ооба, себеби бизде сабактардын бардыгы англис тилинде өтөт. Колледжди бүтүргөн студенттер бул тилде эркин сүйлөп, жазып калышат. Каалоочуларды TOEFL тестине даярдайбыз.

Англис тилин билбегендер да колледжге тапшырса болобу?

Албетте, биз кабыл алынган студенттерди, тил билүү деңгээлине жараша: башталгыч, орто жана жогору деп, үч группаларга бөлүп алабыз. Ошого жараша окутуу жүрөт. Башталгыч группалар жалпы сабактардан тышкары жумасына кошумча 12 саат англис тилин окушат.

Ала-Тоо колледжин бүтүргөн студенттер Ала-Тоо университетине тапшыра турган болсо жеңилдиктер берилеби?

Ооба, эгер өзу тандаган багыт боюнча окутууну улантам десе, анда дароо англис тили экинчи курска отурат. Бул жактан да убакыттан уткан болот. Ал эми башка багытты тандаса, ички экзамен тапшырып, ЖРТсиз кабыл алынат.

Чет өлкөгө кетем десечи?

Бизде 21 өлко менен университет аралык келишимдерибиз бар. Эгер окуусунун көрсөткүчтөрү жакшы болсо, эл аралык бөлүмдүн агай-эжейлеринен консультация алып, даярдык көрөт. Документтерин чогултушуп, транскриптерин жөнөтөбүз. Колубуздан келген бардык жардамыбызды беребиз.

Колледждин окуу акысы канча?

Окуунун бир жылдык контрагы 1500$. Тапшыруучуларга ар кандай жеңилдиктер каралган. Мисалы өткөн жыл, аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталгандыктан, бардык студенттерге 20% женилдик берилип, контрактын акысы 1200$ болгон.  

Контракты бөлүп төлөсө болобу?

Ооба, болот. Окууга кабыл алынгандан кийин дароо 30% төлөө керек. Калган 20%ын кышкы сессияга чейин, дагы 50%ын жайкы сессияга чейин төксо болот.

Дагы кошумчалай кетким келип жатат. Быйыл, тапшыруу экзамендери онлайн түрүндө өткөрүлөт. 29-апрелде математика сабагынан, 30-апрелде англис тили сабагынан. Онлайн экзаменге катышуу үчүн college.alatoo.edu.kg сайтына кирип катталуу керек.

Онлайн - сынак 2020-жылдын 29-30-апрелинде саат 10:00дөн-18:00гө чейин (сынакты тапшыруу үчүн 60 мүнөт убакыт берилет) өткөрүлөт.

Абитуриентте жеткиликтүү интернет кызматы, камерасы менен ноутбук/уюлдук телефон жана өзүнө ишенимдүүлүк гана болуусу керек.

Абитуриент тапшырып бүткөн сынактардын жыйынтыгы абитуриенттин жеке номерине 3-5 күндүн аралыгында жөнөтүлөт.

Онлайн экзамен учурунда жеткиликтүү балл топтой албай калсаңыз, 2020-жылдын июль айында кайрадан тапшырууга кошумча мүмкүнчүлүктөр берилет.

Бардыгыңарга ийгилик каалайм!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт