// //

Презерватив менен кошулгандан цистит болушу мүмкүнбү? Гинеколог жооп берет

2020.10.06, 16:12
6705

Саламатсызбы. Биз жубайым экөөбүз жаңы үйлөндүк. Азырынча балалуу болууну пландабай туралы, деп чечип, презерватив менен кошулуп жүрдүк. Кийин келинчегим цистит болуп калды. Беш ай ооруду, дарыланып бүтүп анализдерди тапшырды. Азыр буюрса жакшы.

Биз ойлоп жатабыз, презервативдин мөөнөтү өтүп кетиптир болчу, ошондон улам ооруп калган окшойт деп. Презерватив менен кошулгандан цистит болушу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.10.2020, 16:13

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жок, презерватив циститттин пайда болушуна себепкер болушу мүмкүн эмес. Эгер анын сактоо мөөнөтү өтүп кетсе, ал түрдүү аллергиялык реакциялардын пайда болушуна алып келмек.

Ал эми цистит, суук тийүүдөн же инфекция (ичеги ооруларынын таякчасы) кирип кетүүдөн улам пайда болот. Келинчегиңиз жылуу жүрсүн.

Куш бооңор бек болсун! Ден соолугуңарга жоопкерчиликтүу мамиле кылыңыз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт