Алты жаштагы балам, акча уурдачу болду, эмне кылыш керек? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Менин эки эркек балам бар. Жаштары 6 жана 4 жаш. Акыркы кезде улуу баламдын жаман адаттары чыга баштады. Жалган сүйлөп, чөнтөктөн акча уурдачу болду. Мектепке кызыгуусу жок, окугусу, жазгысы келбейт. Кандай жол менен жаман адаттарынан арылтам? Кантип туура тарбия берем?
Карлыгаш Акимкулова
Психотерапевт
Саламатчылык. Алты жашка келип калган балдар, чындык жана жалганды айрымалап калат. Чындыкты айтсам мени урушат, жакшы көрбөй калышат деп чоочуркайт.
Андан тышкары алты жаштагы бала акчанын маңызын түшүнө элек. Уурдаса да улуулардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн жасап жатышы мүмкүн.
Балким, ата-энесин кичүү ини-карындаштарынан кызганат, анан кандай болбосун ыкма менен өзүнө көңүл бурдуруунун жолдорун издейт. Анын ичинде уурулук, өзүн жаман алып жүрүү, сабакты окуудан баш тартуу аркылуу дагы.
Көңүл буруу бул жалаң эле курсагын тойгузуп, кийинтип-ичиндирүү эмес да. Бул убакыт бөлүү, бала менен отуруп алып сүйлөшүү, эркелетүү, кучактоо. Жашкы көрөрүңүздү улам-улам кайталап, айтып туруу.
Балким, окуусун түшүнбөй кыйналып жатат, бул тууралуу силерге айткандан коркот. Себеби сизди урушуп салат, деп ойлойт. Балаңызды урушпаңыз. Ар бир жасаган иши, кичинекей болсо да жетишкендигин улам-улам мактап, өзүнө болгон ишенимин жогорулатыңыз. Жакшы, күчтүү, акылдуу адам экенин ишендире айтыңыз.
Балаңыз кандай окубасын, ар дайым аны жакшы көрөрүңүздү эскертиңиз. А балким ал психологиялык жактан али жетиле элек, жана мектепке окууга даяр эмес? Ага көбүрөөк ойноого мүмкүнчүлүк, эркиндик бериңиз.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой