Жигитим экөөбүздүн кан группабыз окшош, келечегибизге терс таасирин тийгизбейби?
Саламатсызбы. Жигитим экөөбүздүн каныбыздын группасы 1- “положительный” экен. Кийин келечегибизге эч кандай таасирин тийгизбейби?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Кан тобунун окшош болушу көйгөй эмес. Эң башкысы – бул резус фактор. Эгер резус факторлоруңар окшош болсо, демек баары жайында. Ал эми сиздики резус фактор терс, ал эми жигитиңиздики оң болсо, анда кош бойлуулукту дыкат пландаштыруу зарыл. Андан тышкары ар бир төрөттөн кийин иммуноглобулин алуу керек болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет