// //

Эгер ВИЧ аныкталса эмне кылуу керек? Андан башка 13 суроого жооп

2020.10.02, 09:36
1981

Эгер сизде ВИЧ илдети аныкталса эмне кылуу керек? Кимге кайрылуу зарыл? Кантип учетко турсам болот? Бул жана башка суроолорго Кыргыз Республикасынын “СПИД” борборунун Диспансердик көзөмөл жүргүзүү жана дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Эркин Тостоков жооп берди.

  1. ВИЧ аныкталса, кайсы жака учетко туруш керек?

Эгер ВИЧ илдети аныкталса, анализ оң жыйынтык берсе, атайын кызматкерлер эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүшөт. Анын максаты, адам кайсы жерден кандай жол менен жугузганын, кайсы жана канча адам менен байланышта болгону изилденет.

Андан кийин дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери тест тапшырган бейтапты каттоого алышат. Азыркы күндө Республикалык, областык борборлордон тышкары бөлүмдөр ар бир айылга чейин бар. Бардыгына көзөмөл жүргүзүлүп турат. Ошондуктан тест тапшырган адамдын жашаган жерине, ыңгайлуулугуна карап, көзөмөлгө турат.

  1. Көзөмөлгө туруудан баш тартсачы?

Баш тарта турган болсо, бир нече вариант сунуштайбыз. Бейтаптар аларга карата коомдо дискриминация стигмасы пайда болуусунан коркушат. Ошондон улам, аларды эч ким тааныбаган, башка айылга же районго көзөмөлгө турууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок, адам өзүнүн ден-соолугу үчүн, даарылоону канчалык эрте баштаса ошончолук жакшы болот. Анткени, ВИЧ иммундук системаны басаңдатып, ар кандай оорулардын жугуу тобокелчилигин жогорулатат. Даарылоодон коркпош керек.

  1. АРВ терапия деген эмне?

АРВ терапия – бул антиретровирустук терапия, башкача айтканда ВИЧ алсыздаткан иммундук системаны жогорулатуу. Аталган терапиянын бир нече максаты бар:

  1. Кандагы вирустун санын мүмкүн болушунча төмөндөтүү жана бир калыпта кармап туруу.
  2. Иммунитетти калыбына келтирүү. Мында адам кошумча оорулар менен оорубайт. Демек жашоосунун сапаты төмөндөбөйт.
  3. Дарыланып жаткан адамдын башкаларга оору жугузуу коркунучун төмөндөтүү.
  1. ВИЧ оорусуна туш болгон бейтап кантип дарыланат?

АРВ терапиясынын башка оорулардан дарылануудан айырмалаган бир канча өзгөчөлүктөрү бар. Түбөлүктүү - деп айтсам коркунучтуу угулуп калат, бирок дарыны ар дайым ичишке туура келет. Дарынын түрүнө жараша белгилүү бир убакта ичип туруу керек.

  1. АРВ терапияны алып жатканда күнүнө канча маал дары ичүү керек?

Мындан 5-10 жыл мурун дары ичүү схемалары азыркыга салыштырмалуу абдан ыңгайсыз болчу. Бир нече дарыны күнүнө 3-4 маал ичүү зарыл эле.

Азыркылар кыйла ыңгайлаштырылган. Күнүнө бир таблетка бир маал ичилет. Бирок күндө жана бир эле маалда ичип туруу зарыл. Мисалы, эртең менен 8де ичсе, ар дайым ушул учурда ичүүгө тийиш.

  1. Убактысын өткөрүп жиберсечи?

Мындай учурлар да катталат, турмушта ар кандай кырдаал боло берет эмеспи. Эгер тиешелүү убактысында дарысын ичип жетишпей калса, биринчи үч сааттын ичинде ичүүгө уруксат берилет. Эгер үч сааттан ашып кетсе, ал күндүкүн кое берип, кийинки күнү ичүү сунушталат.

  1. Бул даарыны терс таасири болобу?

Ооба, бар. Терс таасири дарыны жаңы ичип баштаган учурда аныкталат. Бир аз башты айландырат, уйкуну качырат, табитти басаңдатат, кээде жүрөк айланып кусат. Эң оор терс таасири ага чейин болгон өнөкөт ооруларын күчөтүп жибериши мүмкүн.

Бирок терс таасири сейрек учурларда гана катталат. Убакыттын өтүшү менен көнүп кетет. Ар кайсы адамдыкы ар кандай, айрымдарына көнүп кеткиче бир жума жетиштүү болсо, башкаларына бир ай керектелет.

  1. Дарылар бекер берилеби?

ВИЧ илдети мамлекет тарабынан кепилдикке алынган оорулардын катарына киргендиктен бул оору менен байланышта болгон дарылануу жана анонимдүү анализ тапшыруу бекер жүрөт.

  1. Эмне үчүн АРВ дарыларын ичүү манилүү, ичпей койсо эмне болот?

Бул дарылар эффективдүү. Адамдардын жашоосунун сапаты, өмүрүнүн узактыгы катардагы адамдардыкындай эле болуп калат. Башка адамдардан айырмасы жок деген деңгээлге чейин жетет.

Бизде дарылануу ыктыярдуу гана болгондуктан адамдар менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Туура ичкенге үйрөтөбүз, дайыма көзөмөлдөп турабыз.

Дарыны ичкен адамдын канындагы вирус аябай азаят. Албетте, вирусту толук жок кыла албайт, бирок мүмкүн болушунча төмөн деңгээлде сактайт.

  1. ВИЧ статусундагы адам, кадимкидей жыныстык катнашка бара берсе болобу?

Эгер вирустун саны төмөн болсо, анализдиин жыйынтыгы “жыныстык катнаш аркылуу оору жугузбайт” деп чыкса, анда уруксат берилет. Дарыны туура ичсе, бул даражага 3 айдан кийин эле жетсе болот. Жыныстык катнашта презервативди ар дайым жана туура колдонуу керек, анткени ал аял менен эркекти жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан, ВИЧтен жана планга кирбеген кош бойлуулуктан сактайт.

  1. ВИЧке кабылган адам колун кесип алса, же этек кири келип жатса башкаларга оору жугузушу мүмкүнбү?

Кокустуктар - деп айтылат, кырсыктаса, транспорттук аварияга туш келип калса, кичинекей балдар ийне таап алып, ойноп жүргөн болсо, жугушу мүмкүн. Андайда тез жардам кызматын чакыртуу керек. Алар контакттан кийинки иш чараларды жүргүзүшөт. Ошонун жыйынтыктары менен кан чачырап кеткен адамга ВИЧти алдын алуу үчүн атайын препараттар берилет. Аны 28 күн ичет, андан кийин кайра анализ тапшырып жуккан, жукпаганы аныкталат.

  1. ВИЧке кабылган эне дени сак бала төрөй алабы?

Баарыбыз билгендей ВИЧ үч жол менен жугат:

  • жыныстык катнаш аркылуу презерватив колдонбогон учурда;
  • кан аркылуу (банги затты кабыл алууда бир ийне менен колдонуу, стерилизацияланбаган медициналык инструменттер);
  • кош бойлуу энеден балага.

Эгер ВИЧке туш болгон айым дарыланууну канчалык эрте баштаса, болочок наристени алты саны аман сактап калуу мүмкүнчүлүү ошончолук жогору болот. Биз айткан эрежелерди сактап, убагында дары ичип, анализ тапшырса, балага жугузуу кокустугу 2%га чейин түшөт.

  1. Энеден балага сүт аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Бул дагы аял киши дарыны кандай жана кантип ичип жатат ошондон көз каранды. Мурда биз баланы эмизбегиле деп сунуш берчүбүз. Азыр Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чыгарган жаңы дарылоо протоколуна ылайык, эгер аял дарыны толук ичип, канында вирустун саны аз деп табылса, аялдын өз чечими менен баланы эмизүүгө уруксат берилет.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт