// //

ВИЧ тестин кайсы жерден, канча сомго тапшырса болот?

2020.06.22, 17:44
3333

Кыргыз Республикасынын “СПИД” борбору берген маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-июнуна карата Кыргызстанда 10010 адамдын АИВ (ВИЧ) статусу оң деп аныкталган.

Республикалык “СПИД” борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотовдун айтканына караганда, АИВ инфекциясын башка медициналык анализдерди тапшыруу аркылуу аныктоо мүмкүн эмес. Ал үчүн өзүнчө тест тапшыруу керек.

Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарындагы поликлиникалардан тест тапшырса болот. АИВди убагында аныктоо, өз маалында тиешелүү чараларды көрүп, кадимки жашоону улантууга мүмкүнчүлүк берет.

“Бул инфекциядан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн эмес. Анткени – бул өнөкөт дарт. Бирок, заманбап медицинанын жетишкендиги менен СПИДден көз жумган адамдардын саны 80%га төмөндөдү. АИВге каршы өз маалында башталган терапия бейтаптын иммундук системасын көтөрүп, физикалык акыбалын узак убакытка чейин нормада сактап турууга жардам берет. АИВ статусу бар адамдар күнүмдүк турмушун уланта берет. Болгону унутпай өз маалында дары ичип туруусу шарт.” – дейт Бекболотов. 

АИВ тестин тапшыруу үчүн канча убакыт керек, канча сом керек жана кандай документтер керек экенин бул жактан окусаңыз болот:

  • АИВ тестин колдон келсе эртең менен ачкарын тапшыруу керек.
  • Борборго келгенден кийин электрондук кезекке туруңуз.
  • Эгер анонимдүү тапшырам десеңиз, эч кандай документтин кереги жок. Алар үчүн анализ алуу акысыз.
  • Справка керек болсо, анда жаныңызга паспортуңузду алып алыңыз. Тесттин акысы 173 сом.
  • Каттоого тургандан кийин сизге милдеттүү түрдө консультация өткөрүлөт. Мында адис АИВ деген эмне, тестти тапшыруунун кандай зарылчылыгы бар, экендигин айтып берип, башка суроолоруңузга да жооп берет.
  • Андан кийин колуңуздагы кан тамырдан кан алынат. Бул процедура оорутпайт деле экен, болгону 2-3 мүнөткө созулат.
  • Тесттин жыйынтыгын эртеси саат 14.00ден 16.00го чейин алып кетсе болот.
  • Справка алуу үчүн тапшыргандардын да, анонимдүү тапшыргандардын да тесттеринин жыйынтыгы сыр бойдон калат. Адамдын АИВ статусу ачыкталбайт.

Эгер сизге шашылыш болсо, анда экспресс тест тапшырсаңыз болот. Жыйынтыгы 2 саатта даяр болот. Эксперсс тесстин акысы 381 сом.

Анонимдүү тапшырган учурда эч кандай малымкат берилбейт. Тесттин жыйынтыгы оозеки гана айтылат.

Эгер АИВ статусу оң болуп чыкса, кайрадан текшерүүдөн өтүп, экинчи ирет анализ тапшыруу керектелет.

Республикалык “СПИД” борборунун даргеги: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү 8.

Эскертүү!

Кыргызстанда АИВ инфекциясына туш болгондордун ичинен 42% парентералдык жол менен (кан аркылуу), ал эми 46,3% жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алышкан.

Ошондуктан, жыныстык катнашка барганда ар дайым презерватив колдонгула! Презервативди туура колдонуу адамды үч нерседен коргойт:

  • АИВ инфекциясынан;
  • жыныстык катнаш аркылуу жугуучу башка инфекциялардан;
  • планга кирбеген кош бойлуулуктан.

Ден соолугуңуз үчүн жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып, сак болгула. Сиз жакындарыңызга керексиз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт