Кош бойлуумун бетиме безетки чыгат кандай каражат менен колдонсом болот?
Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, алты ай болуп калды. Менин көйгөйүм, боюмда жок кезден баштап эле бетиме безеткилер чыга берет. Бир самын менен колдоном, жакшы жардам берет. Бирок курамында лимон, күкүрт бар экен. Сурайын дегеним, балага зыян эмеспи?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Курамында күкүртү бар косметикалык каражаттарды кош бойлуу жана эмизген аялдарга колдонуу сунушталбайт.
Расмий түрдө азелаин кычкылын камтыган каражаттарга уруксат берилген, жана кош бойлуу аялдар үчүн коопсуз деп табылган. Мындай каражаттарды кош бойлуулктун каалаган мөонөтүндо колдонууга уруксат берилет.
Азелаин кычкылы “Скинорен гель”, “Акне-дерм” препараттардын курамында бар.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет