Сальпингоофорит – деген оорудан кийин төрөй аламынбы? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Мен жакындан бери ооруп, УЗИге түшсөм “воспаление придатков” сальпингоофорит – деген диагноз койду. Дарыландым, бирок коркуп жатам. Бул оорудан толук айыгып кете аламынбы? Кийин төрөй албай калбаймынбы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сальпингоофрит - бул аялдарда эң көп жолуга турган сезгенүү оорусу. Дарылоо курсун сөзсүз толук өтүү зарыл. Ал 10-14 күнгө созулат. Андан кийин доктурга кайра кайрылып, текшерүүдөн өтүңүз. Бардыгы жайында экенин билүү керек.
Себебии, кээде бир эле курс дарылануу жетишсиз болуп калат, ошондо биз кошумча дарылануу курсун жазып, андан кийин реабилитация алууну сунуштайбыз.
Бардыгы индивидуалдуу болгондуктан сиздин суроого бир өңчөй “ооба, төрөй аласыз”, же “жок, төрөй албайсыз” деп жооп берүү кыйын. Бардыгы оорунун оордугунан, жана канча убакыттан бери созулуп келаткандан көз каранды.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет