Киста эмнеден пайда болушу мүмкүн? Сөзсүз операция жасалабы?
Саламатсызбы. Мен 26 жаштамын, доктурлар сол жумурткамда киста бар дешти. Бул эмнеден пайда болушу мүмкүн? Аны сөзсүз операция жолу менен алдыруу керекпи?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жумуртка бездердеги кисталар көп эле кздешүүчү оору. Тилекке каршы, сиз кандай киста экенин тактап жазбаптырсыз. Ошондуктан так жооптуу айтуу кыйын болуп турат.
Себеби, кистаны дарылоо жолу анын түрүнө жараша жүргүзүлөт. Функционалдык кисталар бар, ал бир маалда пайда болуп, кийин өзүнөн-өзү жок болуп кетет.
Андан тышкары сезгенүүдөн улам пайда болгон, гормоналдык ж.б. бар.
Ошондой эле оперативдик кийлигишүү менен гана жок кыла турган кисталар болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет