// //

Канча күндө бир кошулса тезирээк балалуу боло алам? Гинеколог жооп берди

2020.09.22, 10:41
2660

Саламатсызбы. Мен суроо берейин дедим элем, такыр боюмда болбой жатат. Эмне кылыш керек? Кошулгандан кийин бутту 10-15 мүнөт өйдө көтөрүп жатыш керек деп айтышат экен, чын эле ушундайбы?

Балалуу болуу үчүн кандай жатса туура болот? Эмне дары ичиш керек? Канча күндө бир жатса балалуу болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.09.2020, 10:42

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Эгер сиздин жыныстык жашооңуз бир жыл бою туруктуу болуп туруп боюңузга бүтпөсө, демек башка көйгөйлөр бар. Бул жерде улам-улам кошула бергенден маселе чечилбейт. Так аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өтүп, себебин аныктап, аларды жок кылуу зарыл.

Маалымат үчүн айта кетейин, адатта овуляциядан кийин бойго бүтөт. Эгер менструалдык циклди 28 күн деп алсак, аны экиге бөлөбүз, ошондо 14 күнү овуляция болот. Ошол күнү же андан эки күн мурун же эки күн кийинки мезгил аралыкта бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү абдан жогору болот. Ал үчүн атайын тиркемелерди телефйонуңузга жүктөп алсаңыз болот. Тиркеме тиешелүу күнү сизге эскертүү берет.  

Бутту өйдө көтөрүп жатса бойго тезирээк бүтөт, дегендик жөн гана миф. Жете турган сперма жумуртка клеткага ансыз деле жетет. Башкысы, эки жуптун тең ден соолугу жакшы болууга тийиш.

Ийгилик!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт