// //

Апамдын көзүнө чөп салган атам “мендей акмак” болбо деди

2020.09.21, 14:50
16391

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш жигит айтып берген баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.

Азгырыктарга туруштук бере албай апаңардан ажырадым

“Балам, атаң экөөбүз ажырашып жатабыз. Бул жерде силердин эч кандай күнөөңөр жок. Болгону, мындан ары бирге жашоо мүмкүн эмес болуп калды. Карындашың али кичине, сени туура түшүнөт деп ойлойм. Бирок, эмне гана болбосун биз силерди жакшы көрөбүз жана ата, апаңар бойдон калабыз.”  Эмне үчүн ажырашканы кызык болуп жатабы? Атам апама “измена” кылган.

Апам эч качан ага чейин дагы, андан кийин дагы карындашым экөөбүзгө атамды жамандаган эмес.

Апам аябай акылдуу аял. Мен аны менен сыймыктанам. Бир нерсе болсо, уялбай эле ага ачык айтам. Апам ар дайым жанымда. Ал эми атамдын мага убактысы жок. Эки жылда бир, эң аз дегенде бир жылда бир жолу келет. Анда дагы ашып кетсе үч саатка. Туулган күнүм болсо, эртеси же бир жумадан кийин чалып куттуктайт. Мындайча айтканда ажырашкандан кийин мени менен иши деле жок болуп калды.

Бара-бара сүйлөшпөй койдум. Чалса албайм, жазса жооп бербейм. Апам эмне болгонун сурады. “Апа, атам менен мамилебиз кандай болорун өзүм чечким келет”,-дедим. “Мен сенин тандооңду сыйлайм.” Апам акылдуу дебедим беле.

Атам келди. Карындашым экөөбүздү ээрчитип киного алып барды. Андан чыгып кафеге кирип пицца жедик. Мурдагыдай эле, эч өзгөрбөптүр. Атам аябай мактанчаак. Телефонун, колундагы саатын көрсөтүп, эки-үч күндөн кийин машинасын алмаштырарын айтты. Жылмаюп койдум. Андан башка эмне дейм.

Карындашым балдар аянтчасында ойноп жатканда сөз баштады.

- Уулум, өзүмө эле окшошсуң.

- Мен сизге окшош болгум келбейт.

- Эмнеге?

- Сиз мени жаман көрөсүзбү?

- Жок.

- Калп айтпаңыз! Жакшы көргөн ата балдарынан кабар алып турат. Бир жылда бир келип же чалып коюу бул жакшы көрүү эмес. Жок, ата, кийин мен сага окшош адам болгум келбейт. Сиз бизди таштап кеткенсиз!

- Андай эмес уулум...

- Ошондой! Апам гана жаныбызда болду. Сиз кайда жүрдүңүз? Ар дайым калп айтасыз. Эмне деп айтканыңызды кайра унутуп коесуз. Балким, калп айтканыңызды токтоторсуз? Мага сизден ата катары колдоо керек! Айтыңызчы, эмне үчүн бизди таштап кеттиңиз!

- Анткени мен акмакмын. Ооба, уулум, акмакмын. Мага баарынан ушу сөз туура келет.

- Ата, мен акмак болгум келбейт.

- Болбо уулум, болбо... Бул үчүн эч качан калп айтпашың керек. Угуп жатасыңбы, эч качан. Калп айтсаң, мага окшоп токтоно албай каласың. Сени чын жүрөгүнөн сүйгөн адамдарыңды жоготосуң. Алар кетип калат, эх, анан кайтып келбейт... Ооба, силерге калп айттым. Азгырыктарга туруштук бере албай апаңардан ажырадым. А мен аны дагы да болсо сүйөм... Азыр өзүмдү көргүм келбейт. Силердин көзүңөрдү карагандан уялам. Ошон үчүн алдыңарда авторитетимди көтөрүү үчүн телефонумду, саатымды көрсөтүп мактана берем. Туура айтасың уулум, сен мендей болбошуң керек.

- Ата, азыр чын айтып жатасызбы?

- Өмүрүмдө биринчи жолу чын айтып жатам.

- Ата, мага телефон же саат кызык эмес. Мага сен керексиң.

- Билем уулум, билем. Акмак атаңды кечир.

Экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Эсепти алып келген официант кыз таң калып туруп калды.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт