// //

Аялдардын тагдырын талкалаган кыргыз салттары жана стереотиптери

2018.12.24, 09:18
3996

Салттар жана стереотиптер кантип аялдын жашоосун бузат? Адистер жооп берет.

Башкалардай эле кыргыз элинин да илгертеден келаткан каада - салттары, стереотиптери бар. Тилекке каршы, алардын айрымдары бүгүнкү күндө эч кандай жыргалчылык алып келген жок.

Аялдардын тагдырын кандай салттар жана стереотиптер талкалоодо? Келиңиз, булардын бир нечесин карап көрөлү.

  1. Ала качуу

Бүбүсара Рыскулова , "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог:

Ала качуу - бул салт эмес. Ата-эне балага жамандык каалабайт, бирок, кыздарын тааныбаган бирөөгө байлап берүүдөн мурун аларды тааныштырсын, көңүлдөрү төп келеби билсин. Себеби, чоочун адам менен жашоо аябай кооптуу. Ал кандай киши, үй-бүлөсү кандай кабыл алат, эч ким билбейт.

Кыздарга айтаарым, келечектеги жашооңорду ойлогула. “Эл эмне дейт” деп бир көргөн адамга турмушка чыгуу туура эмес. Мындай жол менен кете берсеңер, аягы ажырашуу менен аякташы мүмкүн. Кош бойлуу болуп калсаңар, балаңардын тагдыры кандай болот?

Тамара Воронцова, психолог:

Ала качуу илгери болгон, алсак, кыздын колун татыктуу сурай албаган, куда түшүп, калың берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жана кызды, анын ата-энесин, салтты сыйлабаган алсыз жигит ала качкан. Бүгүнкү күндө - бул кылмыш!

Дүйнөнүн ар бир булуң-бурчунда, ата-энеси каршы болгондо кыздар жигити менен качып кетишчү. Бирок, кыздын макулдугу менен гана.

Макулдугусуз уурдалган кыздардын дээрлик баары жигитти таанышкан эмес. Салтка баш ийип үй-бүлө куруп калгандары, бактысыз экендерин, отуруп калбаганда тагдыры башкача болоорун айтып кейишкен. Канча жыл жашаса да, ортодо балдар болсо да бактылуу боло алышкан эмес.

  1. “Эл эмне дейт? Чыда!”

Бүбүсара Рыскулова , "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог

“Аюуда болсо эрим болсун”, “Балдарым жетим калбасын”,  “Ушул мени багып жатат”, "Жаман болсо да, өз атасы да" - деп зомбулукка баш ийип жүрө берген аялдар жок эмес. Эч ким үй бүлөнүн бузулушун каалабайт. Бирок, эртеден-кечке зомбулук көргөн эне балдарга жакшы тарбия бере албайт, ден соолугунан ажырайт. Кылмыштын бетин ачпаса, ал күчөй берет.

Айта кетсем, мындан 2-3 жыл мурун бир соттук процесс болду. Кыздын ата-энесинин буркурап ыйлаганын карап тура албайсың. Эмне болгон процесс деп жатсаңыз керек. Кыскасы мындай, кызы ажырашып келет. Кийин экинчи ирет турмушка чыгат. Ата-энеси кийинки күйөө баласын жактырган эмеспи, айтоор каршы болушканына карабай, кыз никесин кыйдырып жашап калат. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү аябай зулумдук көрсөтүптүр. Энесине айтса, “кайра- кайра келе бересиңби, өзүн тийдиңби, чыда!”, - дептир. Акыры кыз өзүнүн жанын кыйып тыныптыр.

Андыктан чыдагандын да чеги болот. Бир жолу кол көтөргөндө унчукпай койсо, кийин анысы адат болуп калат.

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Стереотиптер  аялдар менен кыздардын зомбулуктарга дуушар болушуна түрткү берет. Мисалы, аял күйөөсү канчалык кордук көрсөтүп жатса деле чыдайт. Себеби, “үй бүлөлүк зомбулук - үй бүлөнүн жеке иши, ага мамлекеттин киришүүгө акысы жок, баарына өзү күнөлүү, мейли, агрессивдүү болсо да балдарга ата керек” деген эски, зыяндуу көз караштар бар. Бул стереотиптер күнөөнү аялдарга оодарып коёт жана коомчулуктун зомбулукка кадимки көрүнүштөй мамиле кылуусун калыптандырат. Аялдар жана балдар үйдө болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу ачык айткандан тартынып, башкалардан жардам сураганды уят көрүшөт. Ар бирибиз бул жомоктор менен реалдуу жашоонун ортосундагы айырмачылыкты түшүнө билишибиз керек.

Нурислам Раимжанов, юрист:

Көпчүлүк учурда үй-бүлөнү пландоодо катачылыктарды кетиребиз. Бул өз кезегинде терс таасирин берет. Илгери ата-бабаларыбыз кызын сурап келген адамдын ата-тегин сурап, болочок күйөөнүн адамгерчилик сапаттарын текшерип, анан беришкен. Бүгүнкү күндө өзү билемдик менен турмуш куруп жаткан жаштар көбөйдү. Мындай жаштардын турмушу тез арада бузулуп, үй бүлөдөгү зордук-зомбулук фактылары көбөйүүдө.

  1. “Жаш кезиңде биринин аркасынан бирин төрөп ал!”

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог:

Төрөттөрдүн ортосундагы мезгил аралык эң аз дегенде 2-3 жыл болушу зарыл. Төрөттөн кийин эне бир жылдай баласын эмизет. Бала эмчектен чыккандан кийин аял кишинин денеси кайра калыбына келиш үчүн дагы бир жылдай убакыт керек. Аралыкты сактабай жыл сайын төрөй турган болсо, анда аялдын гана эмес, баланын да ден соолугу начарлайт: ара төрөлүшү мүмкүн же салмагы аз, каны аз, алсыз, иммунитети төмөн ж.б. коркунучтар көп.

  1. “Кара далы болуп каласың, кыз турмушка эрте чыгышы керек!”

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Өспүрүм кыздар эрте турмушка чыкканда, барган үй-бүлө мүчөлөрү алардан чоң адам жасай турган үй жумуштарын аткарууну талап кылышат. Бирок, өспүрүм кыз али бала болгондуктан мунун баарын көтөрө албайт. Үй-бүлөдөгү физикалык, тактап айтканда уруп-сабоо, психологиялык зомбулуктарга кабылат. Эрте курактагы никелер жɵнүндɵ 10 факты айта кетсем:

  1. Өспүрүм кыз мектепти да аяктабай калат;
  2. Эрте кош бойлуулук менен коштолот;
  3. Жогорку билим алуу, кийин жакшы айлык алып иштɵɵ, материалдык жактан жетиштүү жашоо укугунан ажырайт;
  4. Дайыма күйɵɵсүнɵн кɵз каранды болот;
  5. Жашы жете электигине байланыштуу алсыз, салмагы аз бала тɵрɵйт;
  6. ЖААК (ЗАГС) каттабайт, малекеттик никелешүү күбɵлүгү, балдардын туулгандыгы тууралуу күбɵлүгү жок кыйынчлылыктарга туш болуу коркунучу бар (ооруканалар кабыл албайт, бала бакчага же мектепке киргизүүдө кыйынчылыктар пайда болот, ж.б.);
  7. Мындай никелердин кɵбү ажырашып кетет, документтери жок алимент, жɵлɵк пул ала албай кыйналышат;
  8. Жакыр жашаган үй-бүлɵлɵрдүн санын толукташат;
  9. Кызын эрте куракта күйɵɵгɵ берип жаткан ата-энелер да жоопко тартылып, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат;
  10. Молдонун нике кыюуга акысы жок, эгер кыйса, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат;
  11. Эрте куракта турмушка чыккан кыздар үй-бүлɵлүк зомбулукка кɵп кабылат.

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

XXI- кылымда жашасак да эл арасында кыздарын эрте турмушка чыгарууну каалаган ата-энелер  жолукпай койбойт. Алар көбүнчө “илгери эрте турмуш куруп сонун эле жашап, төрөп, оокат кылып кеткенбиз”,- дешет. Азыркы замандын көзү менен карасак, илгери жаштардын бош убактысы көбүрөөк болуп, жашоо шартыбыз эрте турмушка чыгууга түрткү болсо керек.  Бүгүн жаштар билим алып, жер көрүп, кечирээк турмуш курууну каалашат.

Эрте курагында турмушка чыккан кыз, өзү бала болуп туруп баланын баркын түшүнбөйт, төрөттө да кыйналып калышы мүмкүн. Өсүп жетилип жаткан курак болгондуктан денеде кан, өзүндө кандайдыр бир витаминдер жетишсиз болот. Анан өзүндөгү аз затты бала менен бөлүүшүүгө туура келет. Бала менен бөлүшө албасаң бала алсыз болот жана өзү дагы күчсүз болуп организм начарлап оорулар козголот. Мисалы жаңы отургузулган дарак жетилип өсмөйүн мөмө бербейт, кыз бала деле ушундай.

  1. “ Кечке эле кыз төрөй берет, кетир аныңды, сага мураскер керек!”

Гүлзина Мадраимова, акушер-гинеколог

Биздин эркектердин көпчүлүгүндө туура эмес түшүнүк бар. Эгерде аялы кыз төрөй берсе, аны күнөөлөп, кээде ажырашып да кетишет. Ымыракайдын жыныс белгиси эркектен гана көз каранды.

Мисал келтире кетсем: бир эркек төрт кыздуу болгон. Аялын “кыз төрөй бересиң, мага мураскер керек”, - деп кетирип, башка аялга үйлөнүп алган. Анысы да катарынан үч кыз төрөгөн.

  1. “Чуркаба! Кыз деген назик болот!”

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Кыздарыбызды “сен назиксиң, эч нерсени өз алдынча чече албайсың, катуу чуркаба”, - дей берип, кичинекейинен эле жардам сураганга муктаж, бирөөгө көз каранды кылып тарбиялап коёбуз. Эркек балага “күчтүү, билимдүү бол, спорт менен машык, машинаң, үйүң, бизнесиң бар болушу керек”, - деп айтабыз, муну кыздардын кулагына да сиңиребиз. Ал эми, бул стереотиптерге бардык эле жигиттер жооп бере алышпайт. Демек, стереотиптерден баарыбыз жабыркайбыз. Ошондуктан, мындай көз караштарды жоюу керек.

  1. “Ат айланып казыгын табат. Күйөөң башка менен жүрүп кетсе, эртең эле кайтып келет. Күт!”

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Үй бүлөсү бар болуп туруп башка аял менен жакын мамиледе болуу - аморалдык жүрүм-турум. Мындай абал аялды да, ортодо балдар болсо аларды да психологиялык жактан жабыркатат.

“Иштеген ишим, бараар жерим жок” деген коркуу сезими менен жашаганды токтотуу керек. Акырындап ылайыктуу жумуш издеп, материалдык жактан көз карандысыз болгонго умтулуу зарыл.

Илья Комаровер, сексолог, психотерапевт:

Дал ушундай адамдардын айынан жубайлары сифилис сыяктуу ооруларга кабылып, тукумсуз болушат. Мага “күйөөм мас абалында бирөө менен жыныстык катнашта болуп коюп, ооруп калдым, балалуу боло албай жатам” , - деп көп аялдар кайрылат. Бул чыккынчылык, мен муну колдобойм. Эси жайында болуп туруп эле жубайынын көзүнө чөп салуу  ыплас нерсе жана аны кечирип болбойт.

Нурислам Раимжанов, юрист:

КРдын мыйзамдарына ылайык бир гана аял алууга уруксат берилген. Кылмыш-жаза кодекси боюнча эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда - эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.

Аял бул иши үчүн жолдошун жоопкерчиликке тартууну кааласа, милицияга арыз менен кайрылса болот. 

  1. Аял деген үйдө отурушу керек!

Тамара Воронцова, психолог:

Айрым эркектер аялды ата-энесине, досторуна, спорт залга, тренингдерге, жумушка жибербей, кызыкчылыктарына, хоббилерине тыюу салып коюшат.

Монотондуу жашоонун, дем алышы жок көптөгөн милдеттеринин натыйжасында, аялда күйөөсүнө, анын үй-бүлөсү багытталган кыйратуучу энергия пайда болот. Мындан тышкары, таарыныч жана каалоолорунун орундалбай калышы аялды бузат – стресс, невроз жана башка ооруларга чалдыгат.

Кылымдан-кылымга, укумдан – тукумга адам укугун басмырлаган эмес, пайдалуу, жакшы салт-санаалар берилиши керек: улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү ызаттоо, конокторду дасторконго жайгаштыруу, жашына карап тамак тартуу, улгайган ата-энелерге, жаш үй-бүлөлөргө жардам берүү, каза болгон адамдарды тиги дүйнөгө татыктуу узатуу дегендей.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт