Кайын эжем “себетиңе арзан сок салыныптыр” деп жаңы алган келинин ыйлаткан
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келин жөнөткөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.
Азыр “Себетиңди көрсөт, ким экениңди айтам” деген заман болуп калыптыр
Быйыл кайын эжем кичүү уулун үйлөдү. Карантинге байланыштуу тойду үйүнөн бермей болушту. Заңгыраган короо-жайы бар, ошого дагы күйөөсү экөө ыраазы болбой наалып жатышты: “ресторанга бермекпиз”, “катыштарыбызга уят болдук”, “ырчылар келмек беле” ж.б.
Тойго аз калганда жардамдашып коен деп бардым. Ой тобоо, мына акчанын күчү деп ушуну айт. Идиш жууп, боорсок жасаганды бери кой, эшик шыпырып, колго суу куюп, от жагып, итине тамак бергенге чейин киши жалдаптыр. Продуктуларды бул жактан эмес, чет өлкөдөн алдыртыптыр. “Могу икра кечээ алыстан келди, ооз тийсең”, кайын эжем бир кашык икра сунду. Өзүбүздүн форелге жетпейт экен. Сыртка чыгып бир чыны шорпо ичип баса бердим.
Келин аябай сулуу, назик, жоош бирөө экен. Кайын эжемдин дардаңдаган уулуна ыраа көрбөдүм. Угушум боюнча кыз деле тектүү жерден имиш.
Азыр “Себетиңди көрсөт, ким экениңди айтам” деген заман болуп калыптыр. Кызды алганы баратканда куданын алдына себет жасадык. Жасадык деп коем, кайын эжем өзүнө окшогон “подружкалары” менен жасады. Он себет, элестеткиле, он себет, он!
Бирөөсүндө чет өлкөдөн келген конфет, даамы укмуш, өмүрү андай жеген эмесмин. Экинчисинде манго, авакадо, анан жанагы “ажыдаардын көзү” деген экзотикалык мөмө-жемиштер. Үчүнчүсүндө өзгөчө ыкма менен жасалган боорсок, нандар. Төртүнчүсүндө грузин шараптары, француз виносу. Калгандарын айтпай эле коеюн, антпесе түн кирип кетет, кыскасы түшүндүңөр да.
Бир жума мурун келин тараптан себет келди. Айланайын, элдин баары “кандай себет экен” дешип чуркап жөнөштү.
Эт туурап отургам, кызык болуп мен да бардым. “Карасаң, буларга боло берет деп салып койду да”, кайын эжем бир сокту алып туруп ары ыргытып салды. Баарыбыз эле ичип жүргөн сок, атын айтпай эле коеюн. Ошол маалда келини кирип келип калды. “Себетиңе арзан сок салыныптыр, биздикин көрдүң беле, апаңа айт, кайын энем нааразы болду деп.” Кыялын көрсөтүп сыртка чыгып кетти. Келин байкатпай көзүнүн жашын аарчыды. Жанына барып “көңүлүңө алба” дедим.
Эх, кайын эже, кайын эже... Туура эмес кылдыңыз. Жаңы келген келиниңиздин эсинде жакшы адам катары сакталып калсаңыз болбойт беле. Эртең эле карып, балдарыбыздын колуна түшөбүз. Сиз ооруп калсаңыз жанагы сок келип карабайт, ушу жалгыз келиниңиз шорпо жасап берет.
Ушинтип айтайын деп сыртка чыктым эле, кайын эжемдин эч нерсе болбогондой шаңкылдап күлүп отурганын көрүп токтоп калдым. Убагы келгенде өзү түшүнөр деп үйүмө жөнөдүм. Жолдо баратып оюма улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айтканы келди: «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу.»
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым
Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым