Бир жыл мурун анализдерим тукумсуз деп чыккан, андан бери өзгөрүшү мүмкүнбү?
Саламатсызбы. Менин да суроомо жооп бере аласызбы? Бир жыл мурун анализ тапшырганымда Антимюллеров гормон (АМГ) - 00,03 деп чыккан. Бул көрсөткүч өзгөрүшү мумкүнбү? Дагы тапшырып көрсөмбү деп жаткам.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Тилекке каршы, сиздикиндей АМГ менен бойго бүтүрүү мүмкүн эмес. АМГ-0,003 деген көрсөткүч, жумуртка бездер толугу менен алсызданып калган, фолликулдар жок дегенди билдирет.
Бул көрсөткүчтөр канча убакыт өтсө деле өзгөрбөйт. Себеби кыз бала төрөлгөндө эле белгилүү бир сандагы фолликулдары менен төрөлөт, алар жашоосунун жүрүшү менен сарпталат. Фолликулдардын саны бардыгында бирдей боло бербейт.
Сиздин учурда донордун жумуртка бези менен ЭКО жасатуу гана сунушталат.
Ийгилик!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет