// //

Жөтөлгөндө, күлгөндө заарам чыгып кетет. Бул нормалдуубу? Гинекологдун жообу

2020.09.09, 10:12
1218

17 жаштамын, кызмын. 7 жашыман бери күлгөндө, жөтөлгөндө заарам чыгып кетет. Бул нормалдуубу? Суранам жооп бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.09.2020, 10:14

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жок, жаш, төрөй элек кыз үчүн бул нормалдуу көрүнүш болуп эсептелинбейт.

Сөзсүз гинекологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп, себебин аныктоо керек. Заара кармай албагандыктын себептери түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы:

  • ашыкча физикалык активдүүлүк;
  • ашыкча салмак;
  • бала кезде энурезден жабыркоо;
  • стресс абалы;
  • паникалык атака ж.б.

Диагностика үчүн атайын диагностикалык тесттер, сурамжылоо анкеталары, жөтөлдүн үлгүсү, ОАМ, бак посев, гинекологдун консультациясы ж.б. жасалат.

Ден соолугуңузга олуттуу мамиле жасаңыз.

 

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт