// //

Бойго бүтсө канча жумадан кийин жатынга түшөт? Гинеколог жооп берет

2020.09.08, 12:31
1701

Саламатсызбы. Гинеколог эжелерден маалымат алып бериңизчи суранам? УЗИге түшсөм кош бойлуулук бар, бирок жатынга түшө элек, бир жумадан кийин кел, деп айтты.

Менде 15 күн “задержка” болуп жатат. Бир чети коркуп, бир чети сүйүнүп жатам. Аябай күттүк эле. Канча күндөн кийин жатынга түшөт?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.09.2020, 12:32

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Сиздикиндей көрүнүш, айрым учурларда боло берет. Тест менен кандын анализи кош бойлуулукту көрсөтөт, бирок УЗИден көрүнбөйт.

15 күндө жатынга түшүшү керек эле. Сизде жатындан сырткары (внематочная) бойго бүтуп калуу коркунучу бар. Мындайда түйүлдүк жумурткасы жатынга түшпөй калып калат.

Тилекке каршы, оперативдик кийлигишүү менен кош бойлуулукту токтотууга туура келет. Бул процедура канчалык эрте жасалса, жатын түтүгүн (трубаны) айрылып кетүүдөн сактап калуу шансы ошончолук жогору болот.

Мен сизге ден соолук каалайм.

 

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт