// //

Жигитим “алдырып сал, үйлөнгөнгө, балалуу болууга даяр эмесмин” дейт

2020.09.08, 10:42
7423

Мен 29 жаштамын, турмушка чыга элекмин. Сүйлөшүп жүргөн жигитим бар, ал 35 жашта. Жакында боюмда болуп калганын билдим. Жигитиме айтсам “кичинекей кезинде алдырып сал, үйлөнгөнгө, балалуу болууга даяр эмесмин” дейт.

Мен ага, “үйлөнүп алалы, сага да, мага да бала керек, жашыбыз өтүп баратат, кийин кеч болуп калат” десем такыр көнбөй койду.

Ал өзү үйдүн жалгыз уулу, өзүнөн кичүү эки карындашы бар. Азыр ата-энеси менен бир турат. Мурун үйлөнүп, кайра ажырашкан экен.

Азыр менден качып, телефон албай, каттарыма жооп бербей жатат. Бирок мен аны өтө жакшы көрөм, аны менен бирге болгум келет. Эмне кылаарымды билбей турам. Мага кеңеш берип койгулачы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.09.2020, 10:43

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатчылык. Мындай кырдаалга туш болуп калганыңыз абдан кейиштүү. Сиз адамды сүйүп, ага чын дилиңизден ишенгенсиз, бирок жакын деп санап жүргөн адамыңыз сезимдериңизди кабыл албай жатат.

Түшүнгөнүмө караганда сиз балалуу болууну каалап жатасыз. Ошондуктан кандай абал болбосун өзүңүздү кандай алып жүрөсүз алдын ала чечип алышыңыз керек.

  1. Албетте, жигитиңиз балалуу болууга макул болуп, баш кошуп калсаңар, бул идеалдуу вариант.
  2. Эгер ал баш тартса, баланы өз алдынча бага аласызбы, материалдык жактан даярсызбы, сизге ким жардам берет, ата-энеңиз мындай көрүнүштү кандай кабыл алат ж.б. эске алып, кыйынчылыктарга моралдык жактан даяр болгонуңуз оң. Жоопкерчиликтин бардыгы сиздин гана моюнуңузда болот.

Бардыгы ойдогудай болушун каалайм. Бактылуу болуңуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү

Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок

Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?

Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт