Күйөөм кыздарга барат, кантип кызганбай кое алам? Психологдун жообу
Саламатсызбы. Мен төрт жыл мурун турмушка чыккам. Күйөөгө тийгенден баштап унутчаак боло баштадым, күндө нерв болом. Себеби күйөөмдү аябай кызганам, ал да жөн жүрбөйт, кыздарга барат. Эмне кылсам болот? Кантип кызганбай кое алам? Унутчаактыгымды кантип жеңем?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Кызганууңуздун себебин өзүңүз эле жазып жатасыз. Кеп сизде эмес, күйөөңүз ачык эле башка кыздарга барат экен, кызганууга негиз бар, бул сизге жакпайт. Маселенин бары ушунда.
Төрт жылдан бери үй-бүлө куруп бирге жашап келет экенсиңер. Мындан ары кандайча жашайсыңар, кантип мамиле курасыңар, ачык сүйлөшкүлө.
Өзүңүздүн позицияңызды, сезимдериңизди, каалоолоруңузду, күтүүлөрүңүздү билдириңиз. Сизге жакпаган нерселерди болгонун-болгондой айтыңыз.
Менимче, сиз бул тууралуу күйөөңүз менен сүйлөшүп, талкуулаган эмессиз. Белгисиздик болгонго да кыжырыңыз келип, нерв болуп жатасыз.
Көп маселелер диалог аркылуу чечилет.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.