// //

Дары ичсем этек кирим туруктуу келет, токтотсом кайра көйгөйлөр башталат

2020.09.03, 10:19
1544

Саламатсызбы. Менин суроом мындай: этек кирим өз учуру менен келбейт, кээде өтө көп кан кетсе, кээде такыр жок болот. Гинекологго барсам, гормондордун иштешинде өзгөрүүлөр бар деп, дарыларды жазып берген. Этек кирим калыбына келип калган. Бирок дары түгөнгөн учурда кайра эле баягы кейпине келди. Сурайын дегеним, гормондор кайра калыбына келеби? Ал үчүн эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2020, 10:19

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жазгандарыңызга караганда сизде гормоналдык бузулуунун бир түрү болуп жатат. Дарылоонун фонунда бардыгы нормага келет, кийин кайра мурунку абалга түшүп калат, деп жатасыз.

Гормондордун иштөөсүндө минималдуу өзгөрүүлөр болгондо дарынын күчү менен менструалдык цикл калыбына келип, этек кири туруктуу болуп калат. Ал эми татаалдашып кеткен болсо, дарыны узак убакытка чейин ичүү зарыл. Бардыгы коюлган диагноздон көз каранды.

Дагы бир ирет гинекологго көрүнүп, анализдерди тапшырып, дарыланыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт