Кош бойлуумун, бутумдун манжалары чымырай берет, бул нормалдуубу?
Бутумдун манжалары чымырай берет. Өзгөчө кечкисин, жатаарда күчөп, уйку бербейт. Кош бойлуумун, же ошондонбу? Бирок буга чейин деле бар болчу, болгону акыркы күндөрү көбөйүп баратат. Эмне кылышым керек?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Тилекке каршы, сиз кош бойлуулугуңуздун мөөнөтүн жазбаптырсыз. Ошондуктан кош бойлуулукка байланышы бар же жогун айта албай турам. Негизи мындай симптомдор эки учурда байкалышы мүмкүн:
- Кан тамырлар системасында көйгөй бар. Аны аныктоо үчүн дуплекс сканирлөө (дуплексное сканирование) жасатуу керек. Эгер УЗИ бардыгы жайында деген натыйда чыгарса, анда
- неврологго кайрылуу зарыл.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет