// //

Күйөөм экөөбүз 31-августта кайын энемди площаддан жоготуп алып ыйлаганбыз

2020.08.31, 12:40
4324

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жубайлардын боорду эзген баянын жарыялайбыз. 

"Өмүрүндө айылдан чыкпаган кайын энем конокко келди"

Ар бир 31-августта мындан көп жыл мурун болгон окуяны эстеп боорубуз эзилет. Азыр го күлүп жатабыз, бирок ошол күнү эмне болгонубузду бир кудай билет. 

Жаңы эле баш кошкон кезибиз. Айылда жумуш жок, шаарга келдик. Орусчаны бери кой, көчөнүн аттарын билчү эмеспиз. Жумушубуз бүткөндө чоң сааттын алдынан жолугуп, үйгө жөө кетебиз. Күн сайын бир жол менен барып, бир жол менен келебиз. Башка жакка бурулсак эле адашчудайбыз.

Өмүрүндө айылдан чыкпаган кайын энем конокко келди. Жетимишке жакындап калган эле. “Шаарды үйрөнүп калдыңарбы?” десе,  “жок” дегенден уялып башыбызды ийкедик. “Анда, мени эртең жанагы “площадь” дейби, ошого алып барып келгилечи.”

Түн. Экөөбүз эртеңки күндү ойлоп уктабай жатабыз.

- Эми эмне кылабыз?

- Айла жок, алып барабыз.

- Тиги чогулткан акчабызды алалы.

- Ошентели.

- Маршруткага эле түшөлүбү?

- Такси эле алсакчы, адашып кетпесек болду.

- Такси кымбат, адашпайбыз.

31-август. Күн ысык. Көчөдө эл жык. “Площадь” деген жазуусу бар маршруткага отурдук. Туура эмес тарабынан отуруп алыптырбыз, “конечныйдан” кайра башкасына түштүк.

Кайын энеме сыр билгизбей, “ооба, апа, ушинтип "пересадка" кылабыз” деп койдук. “Аябай узак экен” деген боюнча калды.

Акыры жеттик. Солдаттардын жанынан сүрөткө түштүк. Концерт көргөнү сахна жакка баратканбыз, бир маалда эле кайын энемди таппай калдык. “Апа!” Бакырып издеп кирдик. Площадды он жолу айландык.

“Эми туугандарга эмне дейбиз?” Карыган киши болсо, жанында азыркыдай телефон дагы жок. Көзүм жашылданып кирди. Күйөөм өзүнүн жашын сүртүп жатып, “Ыйлаба!” деп коет. 

Оюбузга эмне деген гана нерселер келген жок. Ужас фильмдин сценарийинен дагы өтүп кетти.

Милицияга барууну чечтик. Бетибизди жууп алалы деп фонтанга барсак, кайын энем “морожный” жеп отурат. Же күлөрүбүздү же жинденерибизди билбей шок болуп калдык. Ал болсо бейкапар жаныбызга келип, “үйгө кеттикпи” деди.

Көрсө кайын энем туалетке кеткен экен. “Аны кайдан таптыңыз” десек, “маршруткадан түшүп жатканда көргөм” деди.

Азыр кайын энем сексенге барып калды. Шаарга келген сайын “площадка алып баргыла” дей берет. Күйөөм экөөбүз бирибизди карап “такси менен баралыбы же маршруткабы” деп күлүп калабыз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт