// //

Мен шыбаган шыбак түшүп калды, аялым шыбаган жер ошол бойдон турат

2020.08.27, 17:47
6825

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кыйын аялы бар күйөөнүн катын жарыялайбыз. 

"Дубалга бир мык кагыш үчүн он жерди тешип, төрт бармагымды жанчыйм"

Акыры аялым менден кыйын экенин моюнга алдым. Ар нерсени айтып намыстанып жүрдүм эле, шыбагым бетиме түшкөндө оозум жабылды.

- Ой, ата! Аял дагы розетка оңдой алмак беле? Эртең электрик эле чакырабыз.

- Ошо электрикке берген акчаңды мага бер.

- Кой, атылып кетип, өлүп калбайлы.

- Анда өзүң оңдо.

- Оңдойм эле. Кана алып кел отвертканы!

“Тарс!” колум капкара болуп, көзүм тостоюп калды. Аялым тиги жакта боору эзилип жатат. Уялганымдан сыртка чыгып кеттим. Колумду жууп келгиче, розетканы оңдоп, зарядкасын сайып коюптур. Ошондо дагы кыйындыгын мойнума алгым келбей, бултуңдап тамак ичпей жатып алдым.

Дубалга бир мык кагыш үчүн он жерди тешип, төрт бармагымды жанчыйм. Аялым балка менен бир урса эле мык өз ордун таап калат.

Баягы күнү столдун бир буту кыйшаңдап калыптыр. Оңдоп коен деп жатып такыр жарактан чыгарып койдум. Анын эмнесин айтасыңар, бир нерсе болсо кошуналар, туугандар мени эмес, аялымды чакырышат.

“Тиги келинимден сурачы, времянкага канча метр зым алалы?” Ата-энем мага чалып келинин сурашат. Кызганам. “Өзүнө чалгыла”,-деп бурк этип телефонду басып коем. Үйлөнгө чейин менден эле сурашчу, дароо сатып кетишти.

Баягы күнү катуу жаан жаады. Тамдын башынан суу кирип, уктоочу бөлмөдөгү потолоктун жарымы түшүп калды. Жумуштан келсем аялым "смесь" жасап алып шыбап жатыптыр. Кийимдеримди которбой, жеңимди түрүп алып мен да кириштим. “

- Ой, түшүп калат, мындай кылсаң.

- Өзүм билем! Сен өзүңдүн жарымыңды шыбай бер.

Кечинде бирөө бетке катуу чапкандай болду. Чочуп ойгондум. Бетимдин баары ылай. Мен шыбаган жер түшүп калыптыр.

“Сенин колуңдан келет!” Аялымдын кызыгуусун колдоп, аны андан ары өркүндөткөнгө жардам бере баштадым. Азыр төрт-беш адамдан турган чакан командасы бар. Ар кандай обьекттерге буйрутма алып иштешет. Досторум тийишип сүйлөп калышса, “силер жасай албаган нерсени менин аялым кылат”,-десем ооздору жабылып калат.

Менин аялым менден кыйын! Жакуля, мен сени менен сыймыктанам!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт