// //

Төшүңдү эркек балдарга карматсаң тез чоңоебу? Эксперт жооп берет

2018.12.18, 10:43
30319

Биздин коомдо ата-энелер балдары менен секс жана жыныстык жетилүү тууралуу такыр сүйлөшпөйт. Балдарынын берген суроолорунан уялып, сөздү башкага буруп кетүүгө шашылышат.

Төшүңдү эркек балдарга карматсаң тез чоңоет

Гинеколог Гүлзина Мадраимова жооп берет

Мен 14 жаштамын. Дагы деле төшүм чыга элек. Курбуларым сен оорулусуң, ден соолугуң начар деп айтышат. Чын эле ошондойбу?

Альбина, 14 жаш

Эмчек безинин чоңоюшу ар бир кыздын организмине жараша ар башка темпте өсөт. Кээ бир кыздардыкы эрте жетилет, кээ бирлериники кечирээк. Чоң же кичине болушу тукум кууйт. Төшү кичинекей кыздардын ден-соолугу начар деп айтуу болбогон кеп.

Менин эмчегим кичинекей. Досторум эркек балдарга карматсаң тез чоңоет деп айтышты. Бул чынбы?

Мээрим, 13 жаш

Балдарга карматуунун кереги жок. Бул жөн гана эл арасында айтылып калган мифтер. Андан тышкары бир жерге урунуп алсаңар, же бирөө оройлук кылып катуу кармап койсо, эмчек безин чочутуп алышыңар мүмкүн. Ошондуктан этият болуу керек. Өзүнүн анатомиясын билбегендиктен өспүрүмдөр түркүн жарнамалардын жана куру убадалардын туткунуна түшүп калып жатышат.

Крем сүйкөсөң жыныс мүчөң чоңоет

Уролог Олег Щербинский жооп берет

 

Жыныс мүчөм 14 см, 18 см кылгым келет. Интернеттен  титан деген гелдин жарнамасын көрдүм. Жардам береби?

Азат, 17 жаш

Досторум жыныс мүчөнүн өлчөмү кыздар үчүн маанилүү дейт. Кичинекей болсо кумар албай калышат экен. Меники 12 см. Интернеттен бир крем көрдүм. Ошону колдоноюн деп жатам. Зыяны жокпу?

Мирбек, 19 жаш

Жарнама – бул бизнес экенин эч качан эстен чыгарбагыла. Өндүрүүчүнүн башкы максаты товарын сатуу. Мен өзүмдүн жеке тажрыйбамда бир да жолу крем менен жыныс мүчөсүн чоңойтуп алган кишини жолуктурган эмесмин.  Бир гана операция жолу менен чоңойтсо болот. Бирок анын зарылчылыгы барбы? Жыныс мүчө 3 негизги талапка жооп берсе жетиштүү, алар:

  1. Жыныстык катнашка бара алат;
  2. Өзүнө жана төшөктөгү өнөктөшүнө кумар тартуулай алат;
  3. Репродуктивдик функциясын аткара алат.

Мастурбация көп кылса кийин балалуу болбой калабы 

Сексолог Илья Комаровер жооп берет

 

Мастурбацияга аябай көнүп алгам. Эки күндүн биринде кумарымды кандырам. Анын ден соолукка зыяны жокпу?

Аман, 17 жаш

Мастурбация көп кылам. Зыян эмеспи? Досторум балалуу болбой каласың дешти.

Каныбек, 14 жаш

Өспүрүм курактагы балдар жана кыздар ырахат алууга муктаж боло башташат. Мындай учурда мастурбациянын эч кандай зыяны жок. Себеби, бул физиологиялык муктаждык. Бирок, толук кандуу үй-бүлөсү бар болуп туруп, өнөктөшү менен  төшөк кумарына батууга шашылбай, өз алдынча каалоосун кандырып алуу туура эмес. Алгач эле жубайлардын ортосундагы түшүнбөстүктөр жана нааразычылык жаралат.  

Кыздарда этек кир келээрин билген эмесмин

Жаш кыздарды аборттон баш тарттыруу боюнча иш алып барган адис Гүлжан Матниязова жооп берет

Апам менен атам мен кичинекей кезимде эле ажырашып кетишкен. Мен өгөй энемдин колунда өстүм. Жыныстык катнаш тууралуу такыр эч нерсе билген эмесмин. Ал эмес этек киримдин келгенин эч кимге билдирбей, ушундай оору окшойт деген ойдо жүрчүмүн. Кийин бир жигит менен таанышып калып, өмүрүмдө жылуу сөз укпаган жаным ага бат эле алдандым. Боюмда болуп калганын өтө кеч түшүндүм.

Нурайым, 17 жаш

Мектептерде өспүрүм балдар үчүн лекция өтүп жатканда “Мен бир да жолу эркеги жок боюна бүтүрүп алган кызды көргөн эмесмин”, - деп айтам. Үй бүлөлүк баалуулуктар тууралуу эркек балдарга да айтып берүү керек. Алар да өздөрүнүн кылган иштерине жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жыныстык катнашка бардыңбы демек, анын натыйжаларына жооп берүүгө даяр бол.

Мага ишеним телефон аркылуу чалган кыздардын басымдуу бөлүгү кандайча жыныстык катнашка барып калганын так айтып бере алышпайт. “Түшүнгөн деле эмесмин”, же болбосо “Жок дегенден корктум”, “Эмнеге мындай болуп калганын билбейм”, “Жөн гана кызык болду” деп айтышат.

Кыздарга айтаар элем: Намысыңарга шек келтирип, таарынтууга, капа кылууга же алдап кетүүгө жол бербегиле!”  

Айрым мектептер атайын адистерди чакырып, чоң класстар үчүн лекцияларды уюштурушат. Бирок ал деле жетишсиз. Себеби, классташтарынын арасынан өзүн ыңгайсыз сезип, кызыктырган суроолорун бере албайт.

Биздин мектепке дарыгерлер келип лекция өтүшкөн. Эркек балдарды өзүнчө бөлүп алып бир топ нерселерди айтып беришти. Бирок мен суроо бергенден корктум. Себеби, классташтарым дароо мени шылдыңдашмак. Андан башка кимден сурашты деле билбейм.  

Кадыр, 15 жаш

Бул темага энеси кызы менен жана атасы уулу менен сүйлөшүүсү керек. Эгер эркек баланын атасы жок болсо, анда ал сыйлаган башка жакын адамдан же тууганыңыздан айтып берүүсүн сурангыла.

Ата-энеге кеңеш

Балдарга жыныстык катнаш тууралуу түшүнүктү алгач ата-эне бериш керек. Кичинекей балдарга бул баш, бул көз, бул кулак деп үйрөткөндөй эле, өспүрүмдөргө алардын анатомиясын, дене түзүлүшүн, айырмачылыктарын айтуу керек.

Өспүрүмдөр секс деген эмне экенин интернеттен, телевизордон жана теңтуштарынан билет. Мындай маалымат ар дайым эле туура жана чындыка жараша боло бербейт

Эч ким силерге тоскоол болуп сөзүңөрдү бөлбөй турган учурду тандап, сөздү баштаңыз. Жыныстык катнаш жана өздүк гигиена тууралуу төмөнкүлөрдү айтып бергиле:

  • Физиология. Аял киши менен эркектердин физиологиясын, алардын айырмасын жана функцияларын.
  • Жыныстык жетилүү. Организмде кандай өзгөрүүлөр боло тургандыгы тууралуу.

Кыздардын менструалдык цикли башталып, төшү чоңойуп, интимдик зонада түк өсө баштайт.

Эркек балдарда “түнкү поллюция” (дүүлүгүү) пайда болот, үнү өзгөрүп, алардын да жыныс мүчөлөрүнө түк өсөт.  

  • Гигиена. Тазалыкты сактоонун зарылчылыгы жөнүндө.

Кыздар да балдар дагы өздүк гигиенаны сактап ич кийимин күн сайын алмаштыруусу керек. Тазалыкка кайдыгер мамиле кылуудан ар кандай оорулар пайда болот. Мисалы, эркек балдардын жыныс мүчөсүнүн учуна зааранын калдыктары чогулуп, тешиги кичирейип кетет. Мындай оору фимоз деп аталат. Ошол эле учурда тынымсыз жууна бергендин да терс жактары бар. Кыздарга суук тийиши мүмкүн.  

  • Венерикалык оорулар. Корголбогон секстин коркунучтуры жөнүндө маалымдагыла.

Жыныстык жол менен ар кандай оорулар жугат. Бир жолу кумарга алдырып, этияттыкты сактабай коюуу оор кесепетке алып келип тагдырыңды талкалайт. Андай оорулардан дарылануу узак убакытты жана көп каражатты талап кылат. Ал эми СПИД жана ВИЧ сыяктуу оорулар айыккыз дарт болуп саналат.

  • Эртелеп бойго бүтүп калуу. Аборт жасатуунун терс жактары жана андан кийинки тукумсуздук тууралуу айтып бергиле.

Бала деген аял менен эркек кишинин кошулуусунан жаралат. Наристе эки тараптын тең макулдугу менен экөөнүн ортосундагы чоң сүйүүнүн натыйжасында пайда болот. Балалуу болуу бул абдан чоң бакыт, кубаныч. Бирок, бул өтө жооптуу кадам. Бала сөзсүз толук кандуу үй-бүлөдө, атасы, апасы менен чогуу жашаш керек. Ошондуктан этият бол. Сен алгач оку, билим ал, иште. Алдыга койгон максаттарыңа жет.

Мындай темага өспүрүм бала менен сүйлөшүү оңой эмес. Бирок, келечекте пайда болчу чоң көйгөйлөрдүн алдын алып, эмитеден маалымат берип коюуу туура болор.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт