// //

Башка адамдар менен бир столдо отуруп тамактана албайм, шылтоо айтып туруп кетем

2020.08.26, 15:47
1283

Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын. 7-8 жашыман бери көпчүлүк менен тамактанганды жактырбайм, өз алдынча отургум келе берет. Себеби тамак ичкенде башкалардын ооздон чыккан үндөр кыжырымды келтирет, денем башкача болуп, ыйлагым келип кетет.

Андай кылбаганга аракет кылам, бирок такыр өзүмдү алаксыта албай койдум. Бир угулса, болду шылтоо айтып туруп кетем.

Эмнеге мындай? Бул адатым менен кантип күрөшсөм болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2020, 15:47

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатчылык. Сиздин нерв системаңыз өтө жука окшойт. Балким, бала кезиңизде адамдардын тамактануусу, бир нерсени чайнап жутуусу терс эмоцияларга байланышып калган. Катуу коркуп калгансыз, же жагымсыз сезим менен ассоциацияланат.

Эгер бул жөн гана кыжырды келтирген көрүнүш болсо бир жөн, бирок сиздин денеңиз башкача болуп, ыйлагыңыз келет экен. Демек, сөзсүз психотерапевтке көрүнүп, текшерүүдөн өтүшүңүз керек.

Анткени жазгандарыңыздын негизинде гана жыйынтык чыгарып, бир беткей айтуу оор болуп турат.

Ден соолукта болуңуз.

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт