Төрөгөндөн кийин жыныс кыныман жел чыга берет. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, төрөгөнүмө эки ай болду, тиги жагыман бырпылдап осурак сыяктуу жел чыга берет. Бул эмнеси? Андай болбош үчүн эмне кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бул төрөттөн кийин көп эле кездеше турган көрүнүш. Анктени бала жатын моюнчасынан, жамбаш сөөктөн, жыныс кыны аркылуу өтөт. Бул органдардын бардыгы төрөт алдында жумшарып ийкемдүү болуп калат. Төрөттөн кийин дароо толук жабылбайт. Кайра мурунку абалына кайтып, жабылуусу үчүн убакыт керек.
Ошондуктан жыныстык катнаш учурунда, күлгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө жел чыгышы мүмкүн. Адатта булчуңдар эки айдын ичинде калыбына келет. Тилекке каршы, бардык келиндердики эмес.
Мындайда Кегел көнугүүлөрүн жасоону сунуштайбыз же атайын Кегель тренажёрлорун колдонсоңуз болот.
Тамактанууңузга көңүл бөлүңүз, ичиңиз катпасын, запор болбосун, күндө заңдаганга аракет кылыңыз. Колдон келсе оор нерселерди көтөрбөңүз. Бул жөнөкөй рекомендациялар тезирээк калыбыңызга келүүңүзгө жардам берет.
Эгер жогоруда айткандар жардам бербесе, анда лазер же операция жолу аркылуу жыныс кынын кичирейтүүнү сунуштайбыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет