// //

Кош бойлуу кезде флюрографияга түшө берсе болобу? Гинеколог жооп берет

2020.08.24, 10:43
1857

Саламатсызбы. Менин этек кирим кечигип жатат, 4-5 күн болуп калды. Эгер боюмда болуп калса, өпкөнү тарттыруу үчүн флюрографияга түшө берсем болобу? Сан.книжка толтуруу үчүн керек болуп жатты эле.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.08.2020, 10:44

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош бойлуу айымдарга флюрографияга түшкөн болбойт, өзгөчө алгачкы үч айында. Боюңузда бар же жок экениңизди так аныктоо үчүн тест алып көрүңүз, же ХГЧ анализин тапшырыңыз.

Жыйынтыгы тастыкталса, кош бойлуу деген справка алып, флюрографияны өтүүнү талап кылган жерге көрсөтсөңүз бул процедрудан бошотуласыз.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:

Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?

УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?

Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?

Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?

Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет

0
Пайдалуу жооп
25.08.2020, 11:45

Саламатсызбы менин торт кызым бар кантип уулторосо болот? Кыз уул большое аялданбы же эркектенби 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт