Турмушка чыга элекмин. Менде тестостерон гормону көп экен, бунун зыяны жокпу?
Саламатсызбы.Менин суроом: мен 20 жаштамын, турмушка чыга элекмин. Менструалдык циклим бузулганына байланыштуу анализ тапшыргам. Тестостерон (эркек гормону) көбүрөөк болуп чыкты. Бунун зыяны жокпу? Кандай дары менен ордуна келтирсе болот? Жана эмне үчүн гормондордо өзгөрүүлөр болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Тестостерондун жогору болушу аялдын организминдеги төмөнкү өзгөрүүлөргө алып келет:
- этек кири туруктуу келбейт;
- ашыкча түктүү болот;
- үн жоон болуп калат;
- бойдон түшүп кала берет, же тукумсуз болуп калат;
- салмак кошот;
- жүрөк кан тамыр системасынын оорулары пайда болот;
- адам депрессияга түшөт ж.б.
Ошондуктан гормоналдык өзгөрүүлөрду дарылоо абдан маанилүү.
Менструалдык цикл ар кандай жаш куракта бузулушу мүмкүн. Сизде тестостерон гормону нормадан жогору экен, демек себеби ошондо. Бирок эмне үчүн тестостерон жогорулап кеткен?
- көбүнчө бул фермент 21 – гидроксилазанын тубаса жетишсиздиги
- ошондой эле кош бойлуулук же төрөт учурундагы гипоксия болушу мүмкүн
- кош бойлуулукту сактап калуу максатында гормоналдык препараттарды ичүү
- бала кездеги инфекциялык оорулар (кызамык, кызылча, паротит, суу чечек)
Өзүңүз көрүп тургандай себептери өтө көп жана аларды жок кылуу мүмкүн эмес. Демек, симптоматикалык түрдө дарылоо жолу гана калат. Бул тестостерон гормонун препараттар менен төмөндөтүү. Тилекке каршы, препараттарды ичип бүткөндөн кийин менструалдык циклдеги туруксуздук кайрадан кайтып келе берет.
Диагнозду так аныктап алышыңыз керек. Ал белиглүү болгондон кийин сизди дарылап жаткан доктур дарылоонун бир нече вариантын сунуштайт. Өзүңүзгө ылайык келгенин тандап, дарылансаңыз болот.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет