Көзүмө көрүнгөн нерсенин бардыгын эле санай берем. Бул нормалуубу?
Саламатсызбы. Мен кичине кезимен бери эле көзүмө көрүнгөндүн барын санай берем. Жазууларды, андагы тамгаларды, үйлөрдү, терезелерди, тепкичти, адамдарды. Өзүмө да ыңгайсыздык жарата баштады. Санабай койойун дейм, бирок өзүмдү башкара албайм. Бул нормалуу элеби?
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Саламатчылык. Бир нерселерди автоматтык түрдө санай берүү адамдын өзүн жадатып жиберет. Мындай симптом Арифмомания – деп аталат. Адам өзү эмне үчүн бардыгын санап жатканын билбейт. Анын бул аракети иррационалдуу, жана эч кандай пайдасы жок. Бирок санабай койсо жаман нерсе болуп кетчүдөй коркуу сезими кыйнайт. Мындай абал адам стресске кабылганда же аябай чарчаганда күчөйт.
Арифмоманиядан өз алдынча кутуулуу оор. Анткени себебин адамдын психикасынын тереңинен издөө керек. Балким, бала кезиңизде кандайдыр бир стресске кабыл болгонсуз. Психотерапевтке кайрылышыңыз керек. Туура терапиядан кийин бул адаттан арылуу толук мүмкүн.
Ийгилик!
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой