// //

Овуляция деген эмне жана аны кантип эсептесе болот? Гинеколог айтып берет

2019.09.12, 13:21
32363

Күтүүсүз кош бойлуулуктан сактануу үчүн же балалуу болуу жөнүндө чечим кабыл алганда, кайсы күндөрү жыныстык катнашка барса бойго бүтөөрүн билүү үчүн овуляцияны туура аныктаганды үйрөнүү керек. Medcenter.kg медицина борборунун акушер-гинекологу Нургазы Джанузаков овуляция тууралуу кененирээк айтып берди.

Овуляция деген эмне?

Овуляция – фолликуланын жарылып, уруктанууга даяр жумуртка клеткасынын иштелип чыгышы, менструалдык циклдын ортосунда болот.

Овуляция качан болот?

Менструалдык цикл – биринчи этек кир келген күндөн баштап кийинки этек кирдин биринчи күнүнө чейинки аралык, орточо эсеп менен 28 күндү түзөт. Демек овуляция ортосунда башталса, 14-күнгө туура келет. Бир нече күн алдыга же артка жылышы мүмкүн.

Овуляция – бул жумурткаларда өсүп жетилген фолликулдун жарылышы.

Овуляция процесси кантип жүрөт?

Ар ай сайын аялдын энелик жумурткаларында овуляция процесси жүрөт. Бир айда оң жумурткада, экинчи айда сол жумурткада болуп алмашып турат. Айрым учурларда бир-эки ай катары менен бир жумурткада, кайра экинчисинде бир-эки ай катары менен болушу мүмкүн. Бул көйгөй эмес, нормалдуу эле көрүнүш.

Энелик жумурткаларда миңдеген фолликулалар болот. Ошолордун бирөөсү  ар ай сайын максималдуу өлчөмгө чейин өсүп, анан жарылат. Жарылганда ичинен энелик клетка чыгат. Эгер уруктануу процесси (эркектин уругу ургаачынын уругу менен биригиши) жүрсө, бул клетка түйүлдүккө айланат.

Овуляция кантип жана качан жүрөрүн билүү менен күтүүсүз кош бойлуулуктан сактанып же бойго бүтүрсө болот.

Эң башына токтоло турган болсок, овуляция аялдын мээ кыртышынан башталат.  Мээ кыртышынан чыккан импульстар, мээнин башка бөлүгүнө, аденогипофизге келип түшөт. Аденогипофизден атайын гормондор бөлүнүп чыгат, аларды рилизинг-гормондор деп коюшат. Дал ушул гормондор фолликуланы өстүрүп жана жарылтат.

Белгилүү бир себептерден улам, овуляция менструалдык циклдин ар кайсы убагында болуп калышы мүмкүн. Мисалы, стресс, кандайдыр бир препараттарды колдонуу, экстрагениталдык оорулар ж.б. таасир бергенде.

Овуляцияны кантип аныктаса болот?

  1. Фолликулометрия

Бул үчүн атайын УЗИге барып түшүп, овуляция күндөрүн көзөмөлдөп туруу керек.

  1. Базалдык температура методу

Болжол менен овуляция качан болгонун денин базалдык температурасын атайын эрежелер, тактап айтканда базалдык термометр менен өлчөө аркылуу билсе болот.

  1. Атайын белгилер аркылуу 

Бул жерде дарыгерге баруу керек. Ал жыныс кынындагы цервикалдык былжырдын чоюлчаактыгы аркылуу овуляциянын качан болгонун аныктап берет.

  1. Тест жасоо

Дарыканаларда овуляцияны аныктаган атайын тесттер сатылат. Колдонуу ыкмасы сыртында жазылуу.

  1. Календардык ыкма

Календардык ыкма менен аныктоо үчүн аялдын этек кири туруктуу болушу керек. Мисалы, менстурация 1-январда башталды деп болжолдосок, демек 14-январь күнү овуляция болот. Айта кетчү нерсе, календарь ыкмасын колдонуу үчүн аял этек кир циклин так билиши керек. Ошондой эле бул 100% ишенимдүү ыкма эмес. 

Убакыттын кайсы бир бөлүгүндө кээ бир менстуралдык циклдер анвулятордук болуп калышы мүмкүн. Бул деген овуляциясы жок менструация. Кабатыр болуунун кереги жок, бул патология эмес.

Эгер айым жыныстык жашоо менен жашаса, күтүүсүз кош бойлуулукту алдын алуу үчүн оралдык контрацепция (таблетка) колдонсо, анын бардык цикли анвулятордук болот. Мындайча айтканда, этек кири келе берет, бирок овуляция жок болгону үчүн боюна бүтпөйт.

Овуляцияны кош бойлуулукту пландоону каалаган аялдар көзөмөлдөп турса болот. Жыныстык жашоо менен жашабаса, этек кири убагында келип жатабы же жокпу билип туруу жетиштүү. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
14.09.2019, 21:44

Кош бойлуу кезде кашка теневая растушёвка кылдырса балага зыян алып келбейби?

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт