ЗАГС алганбыз, бирок жолдошумдун фамилиясына өткөн эмесмин, азыр өтсөм болобу?
Саламатсызбы. Жакында ЗАГС алганбыз, бирок жолдошумдун фамилиясына өткөн эмесмин. Азыр өтсөм болобу? ЗАГСты кайра алышыбыз керекпи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Эгер күйөңүздүн фамилиясына өтүүнү кааласаңыз кайрадан ЗАГС алышыңар керек. Аны ЗАГСПРНден же жашаган жериңизге караштуу ЗАГС бөлүмүнө кайрылып, фамилияңызды өткөрүп, жаңы нике кагазын алсаңар болот.
Ал үчүн жолдошуңуз экөөңөрдүн паспортторуңар, нике тууралуу күбөлүк, эгер балдарыңар бар болсо алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып алыңыз. Себеби апасы деген жерге мурунку фамилияңыз эмес, жаңы фамилия жазылышы керек.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү менен паспорт алса болобу?
Аялым башка өлкөнүн жараны, бизге ЗАГС берилеби? Эксперт жооп берет