Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү менен паспорт алса болобу?
Саламатсызбы. Менин суроом мындай: 1996-жылы туулган байкем бар. Азыркыга чейин паспорт ала элек. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасын жоготуп алган, көчүрмөсү гана бар. Мектепти 8-класска чейин эле окуган.
Учету боюнча Бишкекте, бирок күбөлүгүн айылдан алган экен. Күбөлүктүн көчүрмөсү менен паспорт ала алабы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Сиздин учурда башкысы, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кайсы жерден алганын аныктоо жана ошол жака запрос жөнөтүү. Эгер анын негизинде чындап эле ушундай күбөлүк берилген деген жооп келсе, выписка ала алат. Анын негизинде паспорт алууга болот.
Идентификациялык картаны өз маалында документтештирбей калган учурда зарыл болуучу документтер (18 жаштан тартып):
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ПИН (ПВКИБ);
- Ата-энесинин паспорттору;
- Жашаган жери боюнча каттоосу;
- Жашаган жеринен алынган маалымкат;
- Өмүр баяны;
- Түшүнүк кат;
- Окуган/иштеген жеринен алынган маалымкат//аттестат;
- КР ИИМинен алынган соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3 кошунасынан алынган акт;
- Жарандыкты аныктоого карата мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.
ТӨМӨНКҮЛӨР ОРДУНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ
- Электрондук анкета-арыз;
- Электрондук фотосүрөт;
- Жарандыгын аныктоого берилген арыз.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер топтолгондон кийин арыз берүүчүнүн КР жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу корутунду чыгарылат.
Ийгилик!
Кошумча маалыматты 119 номерине чалып сурап алсаныз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?