// //

Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?

2020.01.31, 10:36
1987

Мен 2019-жылдын июнь айында “загран” паспортко документтеримди тапшырып, ID паспортту алмаштырууга арыз таштагам. Эки паспортум тең бир убакта даяр болуш керек болчу. Анан паспортум даяр болгонго чейин эле Москвага келе бергем. Паспортторду РФтеги элчиликтен алсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.01.2020, 10:37

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатсызбы. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык документти кайсы жерге тапшырсаңыз ошо жерден гана алышыңыз керек. Ошондуктан тилекке каршы, элчиликтен паспортторуңузду ала албайсыз.

Биздин шарт боюнча жаңы жасалган паспорттор Калкты тейлөө борборунда 6 айга чейин сакталат. Андан кийин маалымат бюросуна өткөрүлөт. Ал жерде 3 жыл сактоодо болот. Ушу мезгил аралыктын ичинде документтериңизди алып кетишиңиз керек.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт sputnik.kg сайтынан алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт