Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Саламатсызбы. Жакында төрөйм, сурайын дегеним, пспортум шаарда калды эле. Карантин башталып ала албай калдым. Төрөт үйүнө паспорту жок барсам, кабыл алышабы? Паспортумдун көчүрмөсү жана башка документтеримдин баары бар.
Гульбара Ташиева
Ош областынын энеликти коргоо боюнча координатору, гинеколог
Саламатчылык. Азрыкы абалды эске алганда, албетте болот. Төрөт үйүнө паспорттун көчүрмөсү жана сизди учетко тургузган гинеколог берген “алмаштыруу картасы” (обменная карта) менен келсеңиз болот.
Ден соолугуңузга жакшы кам көрүңүз, толгоо башталганга чейин карантинди сактап үйдө болуңуз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Төрөт жана кош бойлуулук жөнүндө кошумча маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
Кичинекей балдарга коронавирус жугушу мүмкүнбү? Дагы суроолорго жооп
Карантин учурундагы кош бойлуулук жана төрөт. Гинеколог айтып берет
Төрөттөн кийин дароо спираль салдыргам, сары суу келип жатат, бул нормалдуубу?