Маршрутканын эшигин кантип ачат эле? Карантин учурундагы күлкүлүү окуялар
Bilesinbi.kg карантин учурунда окурмандарыбыздын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Сизде да эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, биз менен бөлүшүңүз.
“Давай эй, чалбачы болду!”
Карантин. Жолдошум классташы менен машинеде отуруп, пиво ичип туралы деп кеткен. Ошону менен эки күн жок. Мен да издеп чалган жокмун. Эки күндөн кийин телефон чалат “Кандайсың?”, - деп. А мен болсо, жиним менен “Давай, чалбачы болду!”, - деп өчүрүп салгам.
Көрсө, досу экөөнү комендантский саатты буздуңар, деп милициялар бомждор менен кошо салып кетиптир. Жолдошум, “Келинчегимдин боюнда бар, кыйналат, кое бергиле”, - десе “Макул, телефон чалып берели”, - деп туруп громкийге коюптур. Анан мага чалса, мен давай эй, чалбачы башка, деп өчүрүп жатпаймынбы. sta.lbekov
Вирус караңгыда көрбөйт
Карантин жаңы башталган убак. Кечкисин светтерди өчүрүп, балдарым менен телевизор көрүп отурсам, кошунам келип, “эже, жарыкты өчүрсөңүз вирус үйүңүздү таппай калабы?”, - деп күлдүргөн. Zhaniinaz
Аялын унуткан байке
Карантинде жумушка баруу үчүн пропуск кагазын алып, жолдо турсам, бир машине токтоду. Ичинде 45 жаш чамасындагы байке менен эже бар экен.
Жолдо жүрүп баратып, май коюучу жерге келдик. Өзү да, аялы да машинадан түшүп кетишти. Бир убакта, байке май куйду да, машинаны айдап кетти. Мен таң калып, эже кайда кетти болду экен, деп ойлоп коем. Жолго жээкке чыгып токтойт го, деп да ойлодум. Жок, кетип эле баратат. Чыдабай кетип “Эже калып калды го?”, - десем, байке чоочуп кетти. Кайра артка айдап жөнөдү.
Аялы күтүп, машиналарды карап туруптур. “Туалетке кетсем эле, бир заматта унутат турбайсыңбы?”, - деп күйөөсүнө таарынымыш этти. Аябай күлгөнбүз, коронавирус элди акыл-эстен алды го деп. asyl5253
Үйдө коронавирус бар
Иним коңшу балдарды ээрчитип келип ойночу эле. Карантинде “Үйгө кирбегиле, эшикке ойнойбуз! Үйдө коронавирус бар!”, - дейт. Иним 4,5 жашта. atabekovaaibarchyn
Аай, мага коронавирус жукту!
Карантинде балам кой, десем болбой эшикке чыгам дейт. Кошунан балдары ойноп жүргөнүн терезеден көрүп, чыгам деп туруп алды. “Макул, бирок подъезддин алдында эле бол, бир саат ойноп кел”, - деп чыгардым. Үйгө кирип келгенде колу кичинекей кызыма тийип кетсе “Ааай, мага коронавирус жукту”, - деп, жинденип, колун эки саат жышып жууган. Азыр “Коронна вирус, коронна, уходи из нашего района”, - деп ырдап коюп жүрөт. minutam.sekuntam3
Милиция менен тиктешип
Коменданттык саат башталгандан кийин дүкөнгө барыш керек болуп калды. Барсам, ичинде милиция жүрүптүр. Эми мени кармап кетет го, деп аны менен бир саамга тиктешип туруп калдык. Коркконуман “Саламатсызбы?” дептирмин. Анын колунда пакетте нан бар экен. Ал деле жумуштан кийин дүйконгө соода кылганы кирген окшойт. ainurataalaibekovaa
Уруусу күч болсо ээсин доого жыгат
Дүкөндө кезек күтүп турсам, алдымда турган киши осуруп койду. Уялбасын деп, укмаксанга салымыш болдум, мени карап:
- Бир нерсе уктуңбу? - деди.
- Ооба, - дедим өзүм уялып.
- Демек, аралыкты сактабапсың!
- Ааа, кечиресиз, - дегиче
- Жыт келдиби?
- Ооба, - десем.
- Маскаң дагы начар экен!
- Ээ? – деп таңкалып бүткүчө
- Силерге окшогондордун айынан коронавирус жайылып атат, деп мени кайра уят кылды. universal_blok__a_125_
Конфеттин кагазын шыртылдатып
Үч бөлмөлүү квартирада турабыз. Аябай зериккенибизден балдар менен төртөөбүз жашынмак ойнодук. Мен тапмакчы болуп, үч балам жашынды. Кирип, таппай калган киши болдум. “Балдар эшикке чыгып кетиптир, апасы кел, бул конфетти бөлүп жеп алалы”, - деп конфеттин тышын шыртылдатып койсом үчөө үч жактан чуркап чыгышты. Аябай күлдүк. Балдарым конфет жок экенин көрүп капа болушту, алтындарым. doolotermekbaev5433
Карантин тоскоол эмес
А биз жолдошум экөөбүзгө карантин тоскоолдук болгон жок. Анткени жолдошум милиция кызматкери, а мен фармацевтмин. Биз күнү-түнү тынбай иштеп жүрдүк, эл үчүн. aidana.eshenkulova
Клиент келди
Карантин башталып, тез жардам машиналар көчөлөрдү кыдырып, “Чыкпагыла! Үйдө олтургула!”, - деп сүйлөп келе жатса, апамдар сүзмөсү менен өрүк кагын даярдап калышыптыр, клиенттер келди го, деп. ali_ermuratov
Больницага жатам, деп сүйүнүп
Карантин маалында боюмда бар, эки балам кайын журт болуп Москвада квартирада камалып калдык. Үч маал тамак жасайм, балдар сыртка чыкпай бук болуп кетишкен, аябай кыйналып кеттим. Анан больницага бардым. Врачым “Ты что такая замученая?”, - десе “Ой, неет, все прекрасно”, - дедим. Анализим чыккандан кийин, бүгүн сохранениеге жатасың, абалың жакшы эмес десе, аябай сүйүнбөдүмбү. Үйгө келип, эртең ооруканага жатам, десем, баары тамакты ким кылат, деп ызылдап жиберишти го. Азыр ошол балам үч айлык болуп калды. mzholmatova
Жапайы адамдар
Карантинде бир ай эч жака чыккан жокмун. Дүкөнгө барыш керек болуп калды. Мен барам, мен барам, деп талаштык. Кеч кирип калган эле, көчөдө эч ким жок, айлана жымжырт. Бир маалда алдыман бир киши чыкса, чоочуганыман бакырып ийипмин. Ошентип аз жерден жапайы болуп кала жаздадым. elish.o.j
Маршруттун эшигин кантип ачат эле?
Covid-19 Кытайда башталганда биз айылда элек. Кош бойлуу элем, ай-күнүм жеткенде шаарга келдик. Аңгыча бизде карантин болуп калды. Ошо бойдон эшикке чыга элек болчубуз. Ортодон маршруттар каттап калбады беле, ошондо баламды, кызымды алып, базарга барып келели деп чыктык. Маршруткага отурарда кызым баштады: Эшикти мен ачамынбы же сизби? Бутумду өйдө көтөрөм э? Акчаны мен берейинби же сизби? Түшүп жатканда өзүм түшөмбү? Эшикти кантип ачат эле? Мынтиппи?, - деп жеткиче сүйлөй берди. Айылда жүргөнүбүздү кошуп эсептесем, маршрутка түшпөгөнүбүзгө алты ай болуптур. Карантин бизди жапайы кылды. alewa029
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден “Шымыңа сийип алгыча ичипсиң, абайлабайсыңбы!”, - деп күйөөсүн урушкан келиндин, жана башка окурмандарыбыздын күлкүлүү окуяларды окусаңыз болот.
Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы. Мигранттардын кызыктуу эскерүүлөрү.