Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын билесиңби? Тесттен өтүп өзүңдү текшер
2018.12.12, 15:57
22043
- “Ак кеме” чыгармасындагы баш каарман баланын аты ким?
А) Нургазы
Б) Данияр
В) баланын аты аталбайт
- "Чыңгысхандын ак булуту" уламышы кайсы чыгармада айтылат?
А) "Кылым карытар бир күн" романында
Б) "Ак кеме" повестинде
В) "Эрте келген турналар" повестинде
- "Атадан калган туяк" чыгармасында баш каармандын апасы ким болуп иштейт?
А) Саанчы
Б) Телефонист
В) Бухгалтер
- “Жамийла” чыгармасында Сейит Жамийлага кандайча тууган болот?
А) бир тууган иниси
Б) кайниси
В) сүйгөнү
- “Биринчи мугалим” повестинде Алтынай кайсы шаарга окууганы кетет?
А) Ташкентке
Б) Алматыга
В) Москвага
- “Делбирим” повестиндеги Ильястын көңүлдөшүнүн аты ким?
А) Асель
Б) Кадича
В) Гүлсары
- “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасында каармандар кайсы жаныбарга аңчылыкка чыгышат?
А) Аюга
Б) Нерпага
В) Коенго
- “Саманчынын жолу” чыгармасындагы баш каарман Толгонайдын сырдашы ким?
А) Келини Алиман
Б) Уулу Майсалбек
В) Жер эне
- “Саманчынын жолу” повестиндеги Толгонайдын канча уулу болгон?
А) 3
Б) 1
В) уулу жок болгон
- “Эрте келген турналар” чыгармасында Султанмураттын атаандашы ким?
А) Ильяс
Б) Танабай
В) Анатай
Туура жооптор:
- В) баланын аты аталбайт
- А) “Кылым карытар бир күн” романында
- А) Телефонист болуп иштейт.
- Б) Кайниси болот
- А) Алтынай Ташкентке окууга кетет
- Б) Ильяс мамиле курган каармандын аты Кадича
- Б) Нерпага аңчылыкка чыгышат
- В) Толгонайдын сырдашы Жер эне
- А) Толгонайдын үч уулу болгон
- В) Султанмураттын негизги атаандашы Анатай деген классташы болот.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.