Ажырашуу учурунда бала атасында калса болобу же сөзсүз апасы алабы?
Саламатсызбы! Ажырашуу учурунда баланы атасында калтыруу укугу да каралганбы же апасы алып калууга милдеттүүбү?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Мыйзам боюнча эркек менен аял тең укуктуу. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде "Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат" деп көрсөтүлгөн.
Демек, мыйзамда бала сөзсүз апасы менен калсын деген талап жок. Эгерде үй бүлөнү сактап калууга мүнкүнчүлүк жок болсо, анда ажырашуу учурунда сиз сотко жашы жетпеген балдардын жашоо ордун белгилеп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылсаңыз болот. Ал эми сот сиздин өтүнүчүңүз боюнча Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 25-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын кимиси менен жашай турганын аныктоого тийиш болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?