// //

Кайын-журтум кызымды алып калып, мени үйдөн кууп чыкты

2020.04.22, 13:22
1844

Саламатсызбы мен Ысык-Көл обулсунан болом. Кеңешке муктаж болуп жазып жатам. Биринчи күйөөм менен аз эле жашадык. Бир кызым бар. Бир туугандарым менен жалгыз багып чоңойттум. Ал бешке чыкканда, экинчи ирет турмушка чыктым. Экинчи күйөөм менен эки жыл жашадым, жакында каза болуп калды. Ортобузда бир жашар кызыбыз бар. Кыркылыгы боло элек жатып, кайын-журтум мени үйдөн кууп чыкты. Бул тууралуу кимге кайрылсам болот? Кызымды дагы алып калышты. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.04.2020, 13:24

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Мыйзамдуу түрдө ата-энелик укуктан ажыратылган эмес болсоңуз, балаңызды сизден тартып алууга эч кимдин укугу жок. Андыктан, кызыңызды өзүңүзгө алсаңыз болот. Жолдошуң каза болгондон кийин үйдөн кууп чыкканы туура эмес, жат көрүнүш. Бул боюнча сотко арыз менен кайрылыңыз. Тактай турган бир маселе бар, үй кимдин атында экенин жазбапсыз. Каза болгон жолдошуңуздун атында беле? Мураскор катары кабыл аласызбы? Бул жагдайларды тактоо керек. Көпчүлүк учурларда ата-энесине же бир туугандарына катталып калып, кагаз жүзүндө үй башка адамдын атында болуп чыгат. Сиз юристке кайрылып кеңеш алыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт