// //

Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?

2020.05.03, 10:51
2542

Саламатсызбы! Мен жакында турмушка чыгам. Болочок жолдошум үйлөнүп ажырашкан. Мурунку аялы убакыты жок экенин айтып, бир жылдан бери ЗАГСты кыркпай келет. Аялы Россиянын жараны. Нике күбөлүктөрүн Москвадан алышкан. Биз үйлөнсөк Кыргызстандан ЗАГС алалабызбы?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.05.2020, 10:53

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Практикабызда мындай учурлар кездешкен. Мисалы, Кыргызстандын жараны, чет элдик жаран менен никелешкенде эки өлкөнүн тең ЗАГСын алышкан. Бизде никелешүү күбөлүгү бир жолу берилет. Эгер болочок жолдошуңуздун аялы ажырашкысы келбесе, ал сотко берсин, сот бир-эки жолу чакырып, никени бөлүп коет. Бирок, бул Россияда жүргүзүлүүчү процесс. Бүгүнкү күндө болсо, сиз Кыргызстандан ЗАГСын өтүп жатканда текшерип тактайт. Күйөөңүз бул жактан ЗАГСтан катталбагандыктан берип коюшу мүмкүн. Жакшысы мурунку никеси менен ЗАГСты кырктырып анан никелешкениңер туура болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт