// //

Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу

2019.11.29, 17:58
2591

Үй-бүлөлөр бузулбай, өмүр бою бирге жашап, бактылуу болушу абдан жакшы. Бирок, тилекке каршы, жашоо биз каалагандай жана биз күткөндөй боло бербейт. Айрым үй-бүлөлөр ажырашып, андан кийин мүлктү бөлүштүрүү маселесине туш келишет. Жубайлардын ортосундагы мүлктү бөлүштүрүү боюнча суроолорубузга адвокат Эркингүль Шаршенбекова жооп берди.

  1. Мүлктү бөлүштүрүү деген эмне?

Сот никени кыркуу чечимин кабыл алгандан кийин жубайлардын ортосундагы мүлк бөлүштүрүлөт. Башкача айтканда жубайлар баш кошкондон тартып бирге тапкан, жана экөөнүн бирине катталган мүлктүн бардыгы тең экиге бөлүнөт.

  1. Кандай мүлк бөлүнүүгө тийиш?

Бөлүнүүгө кыймылсыз мүлк: үй, батир, жер тилкеси, кыймылдуу мүлк: айланууда жүргөн акча, банк эсебиндеги каражат, баалуу кагаздар, облигациялар жана авто-мото транспорттун бардыгы тийиш.  

  1. Кандай мүлк бөлүнүүгө жатпайт?

Белек катары берилген мүлк. Мисалы ата-энеси кызына же уулуна үйүн белек катары сатып берген болсо.

Мурас катары берилген мүлк бөлүштүрүлбөйт. Эгер атасынан, апасынан, чоң ата-чон энесинен, таята-таенесинен же бир туугандарынан мурас катары өткөн болсо, бөлүнүүгө жатпайт.

Интеллектуалдык менчик, башкача айтканда автордук укуктун эсебинен табылган каражат бөлүнбөйт.

  1. Жубайлардын ортосундагы мүлк кандай принцип менен бөлүштүрүлөт?

Менин тажрыйбамда көпчүлүгү 50-50% болуп бөлүнөт. Кээ бир учурларда сот жашы жетпеген балдарды, жубайлардын биринин материалдык абалын эске алууга укуктуу бирок, милдеттүү эмес. Мыйзамда жубайлар бирге жашап жаткан учурда тапкан мүлктүн бардыгы тең экиге бөлүнөт деп жазылган.

  1. Бирге алган насыялар кандайча төлөнөт?

Эгер жубайлар расмий түрдө никесин каттаса, банктан болобу же башка финансылык мекемеден болобу, насыя аларда нике күбөлүгүн жана жубайынын (жолдошунун) макулдугун берүүсүн талап кылышат. Ал макулдугун бергенден кийин насыянын төлөнүшүнө экөө тең милдеттүү дегенди билдирет.

Мисалы: Айнаш өзүнүн атына күйөөсү менен бирге кредит алышты, кийин ажырашып кетишти. Расмий түрдө никеси кыркылган күндөн тартып Айнаш үйүн алдыртып жибербейин деп, насыяны өзү төлөп жүрдү дейли. Эгер Айнаш өзү жалгыз төлөгөн квитанцияларды чогултуп, сотко кайрылса болот. Насыяны күйөөм экөөбүз бирге алганбыз, бирок ажырашкандан кийин баланча сумманы өзүм жалгыз төлөөгө аргасыз болдум. Мен төлөгөн акчаны кайра өндүрүп берүүнү өтүнөм, деп кайрылууга мүмкүн.

  1. Жубайлар бирге жүргүзгөн бизнеси да бөлүнүүгө тийишпи?

Ооба. Эгер алар жүргүзгөн бизнес расмий түрдө катталса, салыктардын бардыгын төлөсө, аны да экиге бөлүү мүмкүн.

  1. Жубайлар мүлктү бирге сатып алып, бирок ата-энесине каттап койгон учурда кандай болот?

Тилекке каршы, мындайда мыйзам чегинде мүлктү бөлүү өтө кыйынга туруп калат. Бул көпчүлүк мигранттардын көйгөйү. Жаштар үйлөнүшөт, карызга батып чоң той беришет, андан кийин карыздарынан кутулуп, бутка турүү үчүн орус жергесине иштегени кетишет. Акчасын чогултуп Кыргызстандан жакшынакай там салышат, же батир алышат. Бул жака келип убара болгондон качып, үйдү бир туугандарына же ата-энесине каттатып коюшат.

Кийин пикир келишпестиктерден улам ажырашышат. Көпчүлүк учурда келиндер балдары менен көчөдө калып калышат. Анткени, күйөөсү экөө бирге сатып алган үй кайын атасынын атына жазылып калган болот.

Кайын журт адатта, биз бул мүлктү өзүбүздүн каражатыбызга сатып алганбыз. Келиндин эч кандай тиешеси жок, деп танып коюшат.

Ошол үйдү сатып алууда келиндин да эмгеги бар экенин тастыктоо үчүн өтө күчтүү фактылар керек. Мисалы: иштеген жеринен алган айлыгы тууралуу малымкат, банк аркылуу салган акчаларынын квитанциялары ж.б.

Булардын бардыгы доо-арызга тиркелет. Сот аны бирге жашап жүргөндө табылган мүлк деп бекитип берет. Андан кийин кайра мүлктү бөлүштүрүү тууралуу сотко кайрылуу керек.

Менин тажрыйбамда мындай учурлардын 10-20% эле далилдей алышкан. Ошондуктан бардык жарандарды документтерге так болуп, никени расмий каттатып, чогу алган мүлктү жубайлардын бирине гана жаздырууга чакырык салам.

  1. Никеси расмий түрдө катталбаган учурда келин эмнеге талапкер боло алат?

Молдого никесин кыйдырып, баш кошуп алган учурда эненин да, балдардын да укугун коргоо оор. Андай учурда алгач сот аркылуу ортодогу никени бар деп табуу керек, орусча айтканда “признать брак состоявшимся”. Балдары болсо, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, кошуна-колоңдун, тууган-туушкандын көрсөтмөлөрү талап кылынат. Сот жубайлар чындап эле бирге жашаган деп чечим чыгаргандан кийин кайра сотко кайрылып, экөө бирге жашап жүргөн маалда тапкан мүлктү тең экиге бөлүп бериңиз, деп кайрылуу керек.

  1. Мүлктү бөлүштүрүү боюнча сотко кайрылганда кандай документтер керектелет?

Мүлктү бөлүштүрүү боюнча доо-арызды 3 жылдын ичинде берүү керек. Себеби доо-арыздын мөөнөтү бар. Мөөнөтү өтүп кеткенде доо арыздар сот тарабынан каралбайт.

Документтер:

  • жеке менчикти тастыктаган документтердин көчүрмөсү;
  • доогердин өздүгүн тастыктаган документи;
  • жоопкердин жашаган жерин тастыктаган маалымкат;
  • балдары болсо балдардын күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
  • никеси катталган болсо нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция.

 

  1. Мамлекеттик алым деген эмнеси?

Бул доо арызды берерде сөзсүз төлөнүп, квитанциясы жалпы документтерге тиркеле турган кагаз. Ансыз иш каралбайт. Мамлекеттик алым төлөнгөн эмес деп, соттон кайра кайтарып беришет.

Мурун мамлекеттик алымдын көлөмү 10% болчу. Ошондо бөлүштүрүлө турган мүлктүн баасы 1 000 000 (бир миллион) сом болсо. Доогер 100 000 (жүз миң) сом төлөп, андан кийин доо-арыз жазышы керек болчу.

2018-жылдын июль айынан тартып мамлекеттик алымдын көлөмү 1%га төмөндөтүлдү. Демек, доо-арыздын суммасы 1 000 000 (бир миллион) сом болсо, мамлекеттик алым 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Мамлекеттик алымдын төмөндөтүлүшү абдан жакшы болду. Анткени көпчүлүк келиндер иштебейт. Каражатынын жоктугуна байланыштуу өз укуктарын коргой албай калып жатышат. Он миң сом деле оңой акча эмес. Ошентсе да кыйла женил болуп калды.

 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт