Үйлөнөйүн деп жатам, бирок ата-энеме айтыштан тартынып турам. Психологдон кеңеш
Менин жашым 20да. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен экинчисимин. Менден улуу эжем бар, турмушка чыга элек. Бирок сөйкө салынган.
Мен да эртерээк эле үйлөнсөмбү деп жатам. Ошону ата-энеме айтыштан тартынып жүрөм.
Суроо: ата-энеме кантип айтсам болот? Алар мени жашсың деп айтышат, деп ойлоп жатам.
Карлыгаш Акимкулова
Психолог
Саламатсызбы. Албетте, үйлөнүү бул ар бир адамдын жашоосундагы олуттуу чечим. Аны ата-энең менен кеңешип кабыл алган оң. Эгер сиз өзүңүз жана өзүңүдүн үй-бүлөңүз үчүн толук жоопкерчиликти өз мойнуңузга ала-алсаңыз, кантип айтам деген суроо жаралмак эмес. Ата-энеңер да каршы болмок эмес болуш керек.
Сиздин учурда, үйлөнө турган болсоңуз, ал келинди багуу жоопкерчилиги да ата-энеңиздин мойнуна жүктөлүп жатат. Ошондуктан алардын пикиринен жана уруксатынан көз каранды болуудасыз.
Мен түшүнүп турам, сиз мүмкүн болушунча эртерээк үйлөнүп, сүйлөшкөн кызыңыз менен ар дайым бирге болгуңар келип турат. Бирок үй-бүлө бул жалаң эле сүйүү эмес, бул чоң жоопкерчилик. Үйлөнүү демек, бир үй-бүлөгө кам көрүү, анын кем-карчысын толугу менен камсыздоо.
Ар дайым каалоолор мүмкүнчүлүктөрүбүзгө чак келиши керек. Себеби адамдар чоң сүйүүнүн негизинде баш кошуп алышат. Бирок биринчи кыйынчылыктарга эле туруштук бере албай көптөгөн уруш-талаштар, түшүнбөстүктөр, конфликтер жаралат. Жубайлар кыска убакыттын ичинде эле эки ара жолго түшүп кетишет.
Кандай болгон күндө да ата-энеңиз менен ачык сүйлөшүңүз. Алар менен бирге кеңешип, чечим кабыл алыңыз. Анын үстүнө эжеңиз да турмушка чыгат экен. Мунун бардыгы ата-энеңиз үчүн чоң чыгаша экенин эстен чыгарбаңыз.
Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:
Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем
Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши
Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу
Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой