// //

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчүн 6 шпаргалка

2019.09.09, 16:39
101111

Кош бойлуулуктун акыркы жумаларында болочок эне өзгөчө кыйналып, эртерээк төрөгүсү келет. Төрөттүн белгилери ар кимдики индивидуалдуу, бирок көпчүлүгүнө тиешелүү болгон бир нече белгилер бар. 

  1. Адаттагыдан көбүрөөк заара кылуу

Төрөткө аз калганда курсактагы бала улам ылдыйлап, ансайын табарсыкты кысат. Ошондуктан эне демейдегиден көбүрөөк туалетке барат.

  1. Жамбаш сөөктөр ооруйт же ынгайсыздык жаратат  

Басканда кыйналып, 100 метрден ашык жүрө албайт. Төрөт учурунда аялдын жамбаш сөөгү ажырап, кийин бир нече айда кайра калыбына келет. Ошондуктан көп кыймылдай албай, баса албай калат.

  1. Тамакка табити оңолот

Кош бойлуулуктун алгачкы айларында, жүрөк айланып, ичкен тамагын кусуп салып, кыйналган күндөр артта калды. Түйүлдүк ылдыйлаган сайын, ашказан үчүн орун бошоп, көбүрөөк тамактанууну талап кылат. Анын арты менен аппетит оңолот.

  1. Дем алуу калыбына келет

Дем алуу функциясынын да калыбына келиши баланын ылдыйлашына байланыштуу. Бирок, мындай көрүнүш бардыгында боло бербейт. Айрымдарыныкы теңиринен тескери болушу мүмкүн.

  1. Ичтин формасы өзгөрөт

Төрөткө аз калганда ич ылдыйлап, формасы кескин өзгөрөт. Аны төрөй турган келин өзү да, жакындары да байкашат.

  1. Чоңго барууда көйгөй жаралат

Ичтеги түйүлдүк энесинин түз ичегисин кысып жаткандыктан, кош бойлуулуктун акыркы жумаларында эне чоңго бара албай кыйналат. Айрымдардын ичи катып же геморрою чыгышы мүмкүн.

Төрөт үйүнө качан баруу керек?

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичтин айтканына караганда, алгач толгоо канча убакытта бир болуп жатканын санап көрүңүз. Башында алар регулярдуу болбойт. Айрым келиндердики төрөтүнө 1-2 жума калганда башталып, күнүнө 1 же 2 жолу болуп турат.

Паникага алдырып, дароо больницага жетип баруунун зарылчылыгы жок. Колдон келсе, эс алып, уйкуңузду кандырып алыңыз. Алдыда төрөт бар, бул көп күч-кубатты жана энергияны талап кыла турган процесс.

Жылуу ваннага түшүңүз. Жолдошуңуздан белге массаж жасап берүүсүн сураныңыз. Жагымдуу музыка угуңуз.

Толгоо туруктуу болуп, 10 мүнөт сайын боло баштаганда төрөт үйүнө жөнөсөңүз болот.

Эскертүү! Эгер:

  • кан кетсе;
  • суусу кетсе;
  • баш ооруса;
  • дене шишип кетсе;
  • кулак шуулдаса;
  • көздүн көрүүсү кескин начарлап кетсе;
  • бир суткадан ашык ымыркай кыймылдабаса, тез арада дарыгерге кайрылуу керек.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Бул жактан окусаңыз болот:

Төрөт учурундагы дем алуу техникасы. кандай пайдасы бар?
Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эң көп берилчү 7 суроо

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт