// //

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

2019.11.05, 17:34
15585

Этек кири кечиккен күндөн тартып эле аял киши дискомфортту сезе баштайт. Кош бойлуу кездеги токсикоздун бир нече себеби бар. Өзүнүн организмине жардам берүү үчүн болочок эне себебин билиши керек.

Токсикоздун себептери

Адистердин пикири боюнча токсикоздун пайда болушу организмдеги гормондордун деңгээли бирде өйдө, бирде ылдый секиргенине байланыштуу. Эрте токсикоз кош бойлуулуктун биринчи күндөрүнөн эле башталып, төртүнчү айга кеткенде басаңдайт же толугу менен токтойт.

Көптөгөн факторлордун ичинен бир нече себептерди белгилей кетсе болот:

  • ичеги-карындын, боордун, богок безинин өнөкөт оорулары;
  • чылым чегүү;
  • эненин жаш курагы (20 жашка чейин жана 40 жаштан кийинки кош бойлуулук);
  • нерв системасынын ар дайым чыңалып турушу;
  • көп түйүлдүктүү кош бойлуулук;
  • тукум куугандык.

Бирок жогоруда саналган факторлор сөзсүз токсикоз болот дегендик эмес. Кош бойлуулук учурундагы токсикоздун пайда болушунун так себептери бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

Токсикозду жеңилдетүү үчүн эмне кылса болот?

Токсикоз болуп жаткандын биринчи белгилери жүрөктүн айланышы жана кусуу. Күнүнө эки ирет кайталанып турушу, норма болуп саналат. Эгер аял аябай кыйналып, абалы оорлоп, тынымсыз кусуп, салмагы кескин түшүп кетсе, дароо дарыгерге кайрылуу керек.

Тажрыйбалуу адис гана медикаментоздук дарылоону жазып бере алат. Ал эне жана балага мүмкун болушунча коопсуз препараттарды жазып берет. Ал эми үй шартында кантип өзүңө жардам берсе боло турганын төмөндө окуп алсаңыз болот.

  • Ойгонгондо төшөктөн дароо туруп кетпестен, шашпай көтөрүлүү керек.
  • Эртең менен бир аз жаңгак же лимондун бөлүгүн жесеңиз болот.
  • 3 саатта бир, бирок аз-аздан тамактаныңыз.
  • Жүрөгүңуз айланып жатканда лимонду, алма-өрүктүн кагын чайнап же “мятный” конфет сорсоңуз болот.
  • Күнүмдүк рациондон куурулган, майлуу, туздалган жана ачуу тамактарды четтетип коюңуз.
  • Ысык эмес, жылуу тамак ичиңиз.
  • Көбүрөөк суусундук ичиңиз: компот, алманын ширеси, ит мурун же имбир менен демделген чай.
  • Таза абага чыгып көбүрөөк сейилдеңиз.

Андан тышкары жүрөктүн айлануусун В6 витаминине бай азыктар жардам берет. Алар: балык, тооктун эти, жумуртка, авакадо, жаңгактар, жалбыз.

Болочок эненин психологиялык маанайы да абдан маанилүү. Мүмкүн болушунча азыраак сарысанаа болууга аракет кылыңыз.

Кош бойлуулук учурундагы токсикоз өтө жагымсыз, бирок мындай абал түбөлүктүү эмес. Жогоруда берилген кеңештерге кулак салсаңыз абалынызды бир аз жеңилдетесиз.  

Маалымат wday.ru сайтынан алынды.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт