Күйөөм тапканымдын бардыгын ата-энеме жумшайм, силерди бага албайм, деди
Күйөөм менен 8 жыл чогуу жашадык. Баш кошконубузга төрт жыл болгондо кайын эжем ажырашып, үч баласы менен биздикине келди. Ортодон пикир келишпестиктер көп чыгып, өз алдынча жашайлы, бөлүнөлү дегениме күйөөм көнбөй койду. Ошону менен экөөбуз эки жолго түшкөнбүз.
Кызым менен кетип калдым, алимент кестирген эмесмин. Жарым жылдан кийин келип, кайра биз менен жашап калды. Андан кийин уулубуз төрөлдү. Бирок жашообуз баары бир болгон жок.
Жолдошум тапкан-ташыгандын бардыгын ата-энесинин үйүнө жумшайт. Же биздин квартирабыздын акчасын төлөбөйт, же азык-түлүк алып бербейт, балдардын кийим-кечеси менен иши жок. Жада калса, анын кийимин да мен алып берип келдим.
Акыры тажап, ачык айтсам “Мен силерди каржылай албайм, бага албайм”, - деп бизди таштап, басып кете берди. Ушунча убакыттан бери кайын ата, кайын энем улуу кишилердей болуп, акылын айтып, ынтымакташып жашагыла, деп айтышкан жок. Бир да жолу неберелерин сурап, кантип жашап жатканыбызга кызыгышпады.
Ошого аябай ичим күйүп жатат. Ажырашкым келип турат, бирок бир чети балдарымды тирүүлөй жетим калтыргым келбейт. Эмне кылышты билбей калдым. Күйөөм эч убакта биринчи келбейт, көк бет. Ал күнөөлүү болуп турса да, мен кечирим сурайм.
Кантип туура чечим чыгарам? Мага психологдон кеңеш алып бергилечи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Келгиле, сиз катта жазган фактылардын негизинде ой жүгүртөлү:
- Биринчи жолу кайын эжеңиз менен конфликт болгондо, күйөөңүз сиз тарапка турган жок. Башкача айтканда, ал сизди тандаган жок. Ошону менен ажыраштыңар.
- Күйөөңүз тапкан-ташыгандын бардыгын ата-энесинин үйүнө алып барат экен. Албетте, балдардын ата-энесине жардам бергени жакшы, бирок ошол учурда өз балдары ачка отуруш керекпи? Квартиранын акчасын да төлөбөйт экен.
- Ал сизге ачык эле, “Мен силерди каржылай албайм, бага албайм”, - деп кетип калыптыр. Демек, ал өз тандоосун жасады.
- Жолдошуңузду көк бет, деп жаздыңыз. Ал күнөөлү болуп турса да, кечиримди сиз сурайт экенсиз.
Өзүңүздүн жазгандарыңызды кунт коюп окуп көрүңүзчү. Мындай адам өзгөрүшү мүмкүнбү? - деген суроого жооп бериңиз. Ооба, өзгөрүшү мүмкүн, эгер өзү ошону кааласа.
Сиз сүрөттөп берген окуяда ал үч ирет силердин үй-бүлөңөрдөн баш тартыптыр. Эмне үчүн сиз дагы деле андан үмүт артып жатасыз? “Сүйбөгөнгө сүйкөнбө” деген сөз бар эле го.
Кандай болгон күндө да, өзүңүзгө гана ишениңиз. Мындан аркы жашооңузду, жана бюджетиңизди ошого ылайык пландаштырыңыз.
Бактылуу болуңуз!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Психологдун башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Биз ачка отурганда атам ичип-жеп крутой машине тээп жүрө берчү
Туура түшүнүп, ашыкча кызганбай, айтканарына ишендим. Ишеничим акталган жок
Жигитим менен акыркы жолугушууга бармакмын. Чын дилимен бакыт тилешим керекпи?
Өзүмөн 15 жаш улуу эжени сүйөм, канча аракет кылсам да унута албай койдум.