// //

Уругум бат эле түшүп калат, бул оорубу? Сексолог айтып берет

2020.07.19, 16:36
5405

Ассалам алейкум. Суроом бар эле, бир аз ыңгайсыз болуп турам. Бирок ачык эле жаза берейинчи, мен үчүн жооп алуу маанилүү болуп турат.

Үйлөнө элекмин, бирок жыныстык катнашка барып көргөм. Меники бир заматта эле түшүп калды. Ошондо мени менен болгон айым “сен слабый экенсиң”, - деп күлүп койду. Андан кийин да өзүмдү сынап, болуп көрдүм, болгон жок.

Кудай кечирсин, бирок бир чети эрте билип калганым деле туура болдубу, деп ойлоп коем. Мага кеңешиңерди айткылачы, бул оорубу? Дарыланышым керекпи? Же кандай?

Статистикага ишене турган болсок, мындай көйгөйгө ар бир эркектин төртүнчүсү туш болот, дейт сексолог Наталья Ивахник.

Эякуляцияны көзөмөлдөй албагандык мөөнөтүнөн эрте эякуляция же мезгилинен эрте уруктун түшүшү, бел суунун эрте түшүшү (преждевременная эякуляция или ранее семяизвержение) деп аталат.

Кимден жардам сурашты билишпейт

Көпчүлүк учурда, эркектер бул теманы талкулоодон же бирөөгө айтуудан тартынып, көйгөйү менен жекеме-жеке калышат. Айрым учурларда өнөктөш курбуларынын же аялдарынын нааразычылыгына, шылдыңдоолоруна туш болуп, өмүр бою басынып калышат. Жардам сураганды намыс көрөт, анын үстүнө кимге кайрылыш керек экенин деле билбейт.

Урологдорго кайрылуу

Көпчүлүк учурда урологго кайрылууну эп көрүшөт. Урологдор мезиглинен эрте уруктун түшүшүн простатит, же аденома безиндеги көйгөйлөргө байланыштырышат.

Кээде жыныс мүчөнүн сезимталдуулугун басаңдаткан маздарды жазып берет. Кээде “уздечкасы” (кертмектин жүгөнчөсү) кыска деп, хирурга кестиришет.

Бирок бул көйгөй ар дайым эле медициналык себептерге байланыштуу боло бербейт.

Психологиялык көйгөй

Уруктун эрте түшүшү психологиялык көйгөйгө да байланыштуу болушу мүмкүн. Тереңде жаткан себебин аныктоого психотерапевт жардам бере алат.

Психотерапевт кандай көйгөйлөр менен иш алып барат?

  • ички контроль;
  • күчтүү сезимдерди баштан кечире билүү жана ага туруштук берүү;
  • процессти көзөмөлдөө;
  • бала кезиндеги апасы менен болгон мамилени изилдөө.

Себеби эркек баланын келечекте мырза катары калыптанышына апасы экөөнүн ортосундагы мамиле, абдан чоң таасирин тийгизет. Айрым апалар билип-билбей эркек баладагы эрктүүлүктү, курчтукту мокотуп, басынтып турушат.

Же болбосо тескерисинче, ашыкча колдоп, анын эркек экенине басым кылышат. Мунун бардыгы баланын жан дүйнөсүндөгү дискомфортту жаратат. Бул маселелерди психотерапиянын жардамы менен чечүүгө аракет кылып көрсө болот.

Өз алдынча эмне кылса болот?

  1. Сезимталдуулукту басаңдатуучу мазь, кремдерди колдонсоңор болот (сөзсүз урологдон консултация алгандан кийин гана).
  2. Жыныстык акт учурунда, бир канча убакытка, тыныгуу алып, андан кийин улантуу.

Экөөндө тең тескери эффект болушу мүмкүн – ашыкча мазь колдонуу жана жыныстык катнаш учурунда узагыраак убакытка тыныгуу алуу эркециянын тарап кетишине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан ар дайым баланс, тең салмактуулукту сактоого үйрөнүу зарыл.

 

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @natalia.ivahnik  баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:

Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет

Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет

Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет

Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт